ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (8-июлдан 14-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кандайдыр бир ишти баштоого сунуш түшсө, ага акча жумшоого шашпаңыз. Себеби пайдадан куру калууңуз мүмкүн. Жумушуңузда жетекчилик менен оор сүйлөшүүлөрдү өткөрөсүз, соңунда сиздин пайдаңызга чечилген бир бүтүмгө келесиздер. Апта ортосунда күтүлбөгөн жагымдуу жагдайга туш болосуз. Апта соңунда адамдар менен урушуп-талашып кетүүңүз мүмкүн. Андыктан өзүңүздү сабырдуу алып жүрүңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Айрымдар жашаган жерин алмаштырса, айрымдар иштеген иш ордун алмаштырат. Ал эми кээ бирлер буга чейинки жашоосун башка нукка бура турган адамга жолугат. Каржы жаатында кирешени чыгаша коштоп жүрмөкчү. Андыктан акчаны сарамжалдуу колдонууга тырышыңыз. Эс алуу күндөрү көптөн күткөн тилектериңиздин бири орундалат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта башында ден соолугуңуз начарлап кетүү коркунучу бар. Өзүңүзгө кам көрүүнү колго алыңыз. Иш жаатында түшкөн сунуштан баш тартыңыз. Алдамчылардын тузагына илинип калууңуз мүмкүн. Түгөй издеген бойдоктор жаңы таанышууларга туш болушат. Аптанын экинчи жарымында пландалган иштериңиз өзгөрүшү күтүлүүдө. Андыктан ар кандай кырдаалга даяр болуңуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын биринчи жарымы көптөн бери көздөгөн максатыңызды ишке ашырып, капчыкты кампайтууга шарт түзүлөт. Баштаган ишиңиз жемиштүү болот. Сүйүү жаатында болсо, сүйүктүүсүн таппай жүргөндөр өз теңине кезигүүсү күтүлүүдө. Аптанын кийинки жарымында үй-бүлөдө пикир келишпестик жаралып, ошондой эле кээ бирлер акчалай чоң чыгымга учурашы мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта ичинде иш боюнча адамдар менен бир пикирге келүү оор болот. Пландалган иштерди бузуп албоо үчүн сабырдуулук менен абалдан чыгууга мүмкүн. Ден соолук жаатында тамак-ашты этияттап жебесеңиз, зыянын тартып калуу коркунучу бар. Жекшембиде капчыгыңыздагы каражат ээсин таап, баалуу буюм сатып алууга жумшайсыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта ичинде эки анжы ойго тушуккан кырдаалга кезигесиз. Чечим чыгаруу кыйынчылык жаратса, эч бир кадам шилтебей койгонуңуз оң. Кимдир бирөөнө убада берүүдөн качыңыз. Бийлик органдарынын бири менен түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Ал эми аптанын экинчи жарымында жаңы таанышуулар орун алат. Бул таанышуу айрым маселелердин оң жолго салынышына өбөлгө түзөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жашоо образын өзгөртүүгө убакыт келди. Башкалардын маселесин чечип берүүнү, кеңеш берүүнү колго албай, өзүлөрүнө тапшырыңыз. Себеби сиз көрсөткөн жолдун жыйынтыгы начар болуп калса, күнөөлөр сизге жабылышы мүмкүн. Жума күнү чыгармачылык менен алектенгендерге ийгилик алып келет. Апта соңунда алыстан жагымдуу кабар угасыз жана коноктор төрүңүздү ээлейт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Таарынышып жүргөн түгөйлөр бул аптада ынтымакка келишип, достор табышат. Иш боюнча сунуш түшөт, бирок андан баш тартыңыз. Себеби сиз үчүн пайдасы аз, убактыңыз текке кетет. Буюм сатып алууга баргандар ашыкча чыгым болбоюн десе, шашылбастан сапатына жакшылап көңүл буруусу абзел. Апта соңу адаттагыдай үйдө эс алуу менен убакыт өткөрөсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Эсебин таап, бүтпөй келген иштерди бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок бүтөт деп бирөөлөргө ишенип таштап койбой, өзүңүз активдүү болуңуз. Бейшембиде жактырган адамыңызга сунушуңузду билдирип, сезимиңизди ачыктасаңыз, анын макулдугун алууга мүмкүнчүлүк бар. Апта аягында бүтө турган ишти соңуна чыгарыңыз. Болбосо, келерки апта кошумча жүк болот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чечилбей келаткан маселелер жөнгө салынып, санааңыз тынчыйт. Көзүңүз жетпеген ишти бүтүрүүгө адистерден кеңеш алуудан качпаңыз. Апта ортосунда тилди этияттабасаңыз, чырга себепкер болуп калышыңыз мүмкүн. Эс алуу күндөрү алыстан келген конокту тосуп алууңуз күтүлүүдө, дасторконуңуз дайын болсун.

 

Суу куяр (21.01-19.02)
Аптада тобокелчиликке сала турган иштер чыгат. Коркпостон кадам таштасаңыз, сиз ойлогондон да жакшы жыйынтыкка жетесиз. Бойдоктор, жүрөгүңүзгө тынчтык бербеген адамыңызга сезимиңизди билдирүүдөн тартынбаңыз. Шаршембиде үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктер орун алып, таарынычтар пайда болот. Чырдын ырбашына жол бербей, маселени чечүүгө аракет кылыңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иш жаатында жаңы идеяларды орундатууга шарт түзүлөт. Эски тааныштарга жолугуп, чер жазууңуз күтүлүүдө. Ошондой эле алыстагы туугандарыңыздан чакыруу түшүп, сапарга чыгууңуз мүмкүн. Бойдоктор болочоктогу өмүрлүк жарын табуусуна мүмкүнчүлүк бар. Андыктан жактырган адамыңыздан кыя өтпөй, кайырмакка илүүгө аракет кылыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан