Финал
Бразилия-Испания – 3:0
3-орун үчүн оюн
Уругвай-Италия – 2:2 (пенальтилер сериясы: 2:3)
30-июнда Бразилияда футбол боюнча Конфедерация кубогу аяктады. Дүйнө чемпиондугунун алдында өтүүчү бул мелдешке 6 континенттин чемпиондору, акыркы Дүйнө чемпиону жана кезектеги Дүйнө чемпиондугун өз үйүндө өткөрүүчү команда катышты. Алар: Бразилия (үй ээси), Италия (Европанын вице-чемпиону), Мексика (Түндүк Американын чемпиону), Япония (Азия чемпиону), Испания (Дүйнө чемпиону), Уругвай (Түштүк Американын чемпиону), Нигерия (Африканын чемпиону) жана Таити (Океаниянын чемпиону).
Жалаң чемпиондордун ортосундагы оюн 15 күнгө созулуп, мелдеште Бразилия мыкты оюн көргөздү. Үй ээлери мелдеште бардык атаандаштарын мыкты эсеп айырмачылыгында уткандай, финалда Испания да аларды токтото алган жок. Мелдештин «Мыкты футболчусу» болуп табылган Неймар финалда да эсебине бир гол жазды. Бразилия тарыхында ушуну менен 4-ирет бул мелдештин Кубогун футболдук музейине алып жөнөдү.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg