Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун (Топ-Лига) 10-туру аяктады. 29-30-июнда болуп өткөн оюндардын жыйынтыктары мелдештин лидерин алмаштыра алган жок. Канттык «Абдыш-Ата» өз үйүндөгү ири жеңиш менен кайрадан 3-орунга кайтып келди. Аптанын башкы окуясы болгон жеңиште бомбардирлик тизмеде алдыда келе жаткан Алмаз Мирзалиев 7 гол киргизди. Акыркы оюндар жана мелдеш жадыбалы:
29-июнь
«Ала-Тоо» – «Нефтчи» – 2:0
«Абдыш-Ата» – «Манас» – 14:0
«Ысык-Көл» – «Алай» – 0:3
30-июнь
«Дордой» – «Алга» – 1:1
Бомбардирлер:
16 гол – Алмаз Мирзалиев («Абдыш-Ата»)
11 гол – Мирлан Мурзаев («Дордой»)
7 гол – Динмухамед Таалайбеков («Ала-Тоо»), Дэвид Тетте («Дордой»)
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg