Биздин айыл чакан. Элетте кимдин үйүндө эмне болгону эшигинен даана угулуп турат. Шаардан келип, айылдын өзүнө тиешелүү керемет абасынан дем алып бактын түбүндө жаткам. Апам ызылдап ары-бери эле чуркап жүрөт, атам жумуштары менен кеткен.
– Ай, Асилбек кайда кетти?
– Апоу, мен бияктамын.
– И, кагылайын, эс ала бер. Тамак даярдап койдум, ичип алып уктасаң боло, күчүгүм.
Анын ушул сөзү мен үчүн баарынан кымбат. Апама окшош кызга үйлөнөм дечүмүн. Энемдин мээримин, боорукердигин, шайырдыгын, муңайса да күлкүсү менен жууп кетчү мүнөзүн баалайм. Жыргап жата бердим, апам болсо дале күйпөлөктөп ары-бери чуркап жүрөт. Сыягы, тойго башка районго барган жатат окшойт. Маани деле бербегем. Бир убакта аяп кеттим. Чынар карындашым турмушка чыгып кетип, азыр апама кол кабыш кылганга кыз жок. Иним жардам этимиш болгону менен, аял кишинин жумушун такыр кылбайт, баары бир түйшүк апама түшөт. Андайда атам:
– Балаңды үйлөндүрбөсөң ушинтип жүрө бер, мага малай болуп,- деп тамашалап калат.
Кыскасы, тезирээк келиндүү кылышым керек деген чечимге келгем. Апама окшош кыз да тапкам. Аты – Ширин. Шайыр, жароокер, жаркылдаган кыз. Экөөбүздү группалашым тааныштырган. Аны бир көргөндө эле «меники болот» деп чечип койгом. Ошентип, ага жагуунун амалын кылып улам телефон чалып, СМС жазып отуруп кыз жүрөгүн багындырдым. Багындырдым десем туура эмес болуп калабы, билбейм. Мага ошондой сезилчү. Менде бир кызык сапат бар экен, кызганчаактык деген. Ушул адатымдан арыла албай койдум. Анан да өтө намыскөймүн. Шириним менден өтөт намыстуулугу боюнча. Өзү батынып чалбайт же жазбайт. Дайыма мен чалам, мен сурайм, мен тескейм.
– Сен мени жүдөтүп жибердиң! Ата-энемдин көлөкөдө баккан кызымын. Суранам, ишенчи мага! Курулай кызгана бербечи,- деп айтты бир күнү.
Макул деп коюп эле баягы адатым кармап калат. «Кайда жүрөсүң? Эмне кылып жүрөсүң? Неге биринчи чалбайсың, мени сыйлабайсың?» деген сөздөрдү айтпайын десем да айтып жиберем. Ал капа болот, кайра жазылат. Бир күнү катуу урушуп кеттик. Бул жолу катачылык андан кетти, көңүл оорутчу сөздөрдү айтып коштошуп койду, менден сурабай эле. Бир күн чыдадым да, кайра эле мамилени өзүм баштадым.
Апама тааныштырсамбы деп жүргөндө бир досум үйлөнмөкчү болуп калды. «Мальчишник» кылалы, жалаң балдар, аялыңарды же кызыңарды чакырмай жок, айтмай да жок» деген өтүнүчүн орундатмак болдук. Ошентип, Ширинге айтпай отурушка камындым. «Мегакомдун» «Сен кайдасың?» деген жаңы кызматы чыкпадыбы. Телефонду өчүрбөсөм, кайда жүргөнүм билинип калмак да. Телефонду өчүрүп, бир күн кечке жыргадык. Биз эс алган жайда эски тааныш кызга жолугуп калдым. Аны менен сүйлөшүп турсам, балдардын бири бизди сүрөткө тартып жаткан, маани деле берген эмесмин. Интернетке жүктөп коюптур...
Отуруштан келип телефонумду күйгүзсөм Ширинден кат келди, «Жакшы эс алдыңбы?» деген. «Билген тура баарын» деп «рахмат» деп жооп жазып койдум. Кайра жооп келди, «анда мындан ары да жакшы эс ала бер» деген. Мен да өжөрмүн да, жооп бергим келген жок, ал да ошону менен жазбады. Эки күн өттү, кабар жок, өзүм батынып чалбай, көгөрүп отурам. Үчүнчү күн дегенде кайра СМС жазсам, жооп келбеди, чалсам албады. «Таарынган экенсиң» деп тим койдум. Бир жума өттү, дале кабар жок, мен да үн катпайм. Акыры чыдабай жаздым, чалдым, жооп берди, бирок мен өзүм кайра ар кайсыны айтып жинине тийип алдым. Бир күнү «жалдырабайм, билесиң мени, бактылуу бол» деп жазып ийдим. Ушул сөздү бекер жазыптырмын, азыр өкүнөм...
Бактын түбүндө жата бермек белем, турдум. Аңгыча атам да келип калды. Апам экөө бир нерсени чече албай эле кыжы-кужу болуп жатышат.
– Эмне болуп кетти, кымбаттууларым? Мен ата-энеме ушинтип кайрылып калдым.
– Барбайм деп жатпаймбы, мына балаң турат, бара бергиле экөөң. Өзүм да чарчап турам, анан ошол айылга барыш үчүн канча убакыт кетерин билесиңби?
– Дайыма ушинтесиң, уят эмеспи кызыбызга. Кудалар деп сыйлап Чынардын кайындары атайы чакырса...
– Кой, башты оорутпа, кемпир. Кызым таарынбайт, кудалар да таарынбайт, мен берчүмдү берип жиберем. «Табы жок» деп койчу, бай болгур!
– Бул кандай адилетсиздик?! Мен адвокатыма даттанам,- деп апам мага карап күлүп калды.
– Жүрү, балам, даярдан. Бүгүн барабыз да, кайра түнү менен келе беребиз. Атаңды көндүрө албай койдум, күйөө балаңдын агасы үйлөнүп жатыптыр, тойго чакыруу келген.
– Бул жерде сиздин укугуңуз бузулуп жатат, жолдош Суранчиев, жубайыңызды жалгыз кантип жибересиз?- деп мен да тамашалап калдым.
Ошентип, карындашымдын үйүнө тойго жөнөдүк. Жумуштан эки күнгө эс алганы келсем, анын бир күнүн тойлоп өткөрмөй болуп калдым. Кыйла жол жүрүп бардык. Кудалар, карындашым, күйөө балам тосуп алышты. Жаштар шапардан келише элек экен, ресторандан орун алып отуруп калдык. Бир убакта тамада эки жашты чакырды. Жанагы «Жар-жар» ырын уксам эле эмнегедир толкунданып кетчүмүн. Баарыбыз ордубуздан турдук. Үлпүлдөп ак шөкүлө кийип, бетин тор менен жаап келин турат. Ак көйнөк, ак калпак кийип күйөө бала чыкыят кызды колтуктап.
Жүгүнүү салты бүткөн соң кайненеси келиндин жүзүн ачат турбайбы. Ошондо чалкамдан кетейин деп барып араң калдым. «Ширинге окшош го» деп карап коём, кайра өзүмдү жооткотом, «ушундай да окшош адамдар болобу...» деп. «Бул айылдан эмес» деп отурдум, тилекке каршы, ал келин менин Шириним болуп чыкты.
«Азиз+Ширин, бактылуу болгула!» деген каалоо-тилектер айтылган сайын ичим өрттөнүп, жанымды коёрго жер таппай турдум. «Акыры ушинткен экенсиң, артымдан чуркаган кыздар толтура деп бекер көңүлүңдү калтырыпмын» деп башымды мыкчып отурдум. Апам улам мени карап коёт. «Өңүң бозоруп кетти, ооруп калдыңбы?» деди эле, «жок, тынчсызданбаңыз» дегеним менен, ичим жалын, сыртым чок. Тойдо бизге сөз бергенде апамдын жанында тура бердим, сүйлөй албадым. Ширин мен тарапты такыр караган жок.
«Мен деле бактылуу болом» дегеним менен, баары бир ага деген сүйүүм күч экен. Мен махабатымды моюнума албапмын. Достор, мага окшоп куру намыс деп кыз көңүлүн оорутпагыла, сүйүүңөр үчүн күрөшкүлө. Бир сөздөн өлүп деле калбайсыңар, болгону ашык болуп калсаңар, ал үчүн күрөшкүлө, кийин аттиң деген менен бекер.
Апам экөөбүз тойдон кайттык. Жан дүйнөмдөгү бороонду ыр менен жууп жиберейин деген ойдо музыка койдум. Машинамда ыр жаңырууда. Рысбек Токтобаев деген ырчы ого бетер жарамды тырмап «ак жоолук салып келишкен келин болупсуң, башканын жары болсоң да, балбылдап көзүң жайнап, баары бир өзүң сулуусуң» деп ырдап жатпайбы...
Асилбек
Жаңыл Калыкова
lira@super.kg