Бардын сакчысынын токмогунан улам башынын төрттөн бир бөлүгүнөн айрылган маляр соттун чечими менен 58 миллион доллар компенсация алмак болду. Маляр АКШнын тургуну, 43 жашта. Окуя мындай болгон.
2010-жылы Антонио Лопес Чай Калифорниядагы барга эки тууганы менен барат. Чатак чыгып, бармен жана сакчы тигинин туугандарына кол көтөрө башташат. Аларды токтотууга аракет кылган Антонио Лопес Чайды сакчы таяк (дубинка) менен сабап, башына 8 ирет тээп, тротуарды башы менен 4 ирет сүздүргөн. Чайдын мээсине доо кетип, башынын жарымынын сөөгү талкаланып, өмүр бою сүйлөбөй кала турганы аныкталган. Эми соттун чечими менен компенсацияны сакчылар компаниясы төлөп берет. Сакчы болсо уруштан соң качып кеткен бойдон табыла элек.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg