Өзбек президентинин 34 жаштагы кичүү кызы Лола Каримова-Тиллаева Калифорниядагы (АКШ) Беверли-Хиллзден 58 миллион долларга хан сарай сатып алды. Анын жалпы аянты 48 миң (же ушуга жакын) чарчы метр. Ал 7 уктоочу, 11 жуунуучу жана ачык аянтта жайгашкан 3 жуунуучу бөлмөдөн турат. Булардан тышкары үй кызматчылары үчүн 2 уктоочу жана 1 жуунуучу бөлмө да бар. Түрк стилиндеги хамам (мончо), бассейн, сауна, массаж бөлмөлөрүн, 10-12 машинага ылайыкташкан гаражын да кошо кетүү керек.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg