Жакында Германиянын Ольденбург шаарында уйлар арасында «Германия сулуусу» сынагы болуп өттү. Ага 250 уй катышты. Калыстар тобу уйларды бир нече критерийлер менен кароодон өткөрдү. Айта кетсек, уйлардын денесинин жана терисинин чымырлыгына, эмчегинин туура формада экендигине, буттарынын күчтүү жана публикада өзүн жакшы кармоосуна басым жасалды. Жыйынтыгында Loh Nastygirl аттуу уй жеңүүчү деп табылды. Ээси Томас Шульте-Ломёллер кубанганынан уюн өөп да жиберди.
Германияда мындай сынак жыл сайын өткөрүлөт.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg