Тибеттеги колодон жасалган табакка суу куйса бийлеп кирет экен, тобо! Тагыраак айтканда, суу куюлары менен бетинде майда толкун жаралып, анан табак кыймылга келет да, суу тамчылары өйдө секире баштайт. Изилдөөлөргө караганда, табак диний жөрөлгөлөрдү аткарууда колдонуу үчүн 5-кылымда жасалган. Эгер кырларына ичке таякчаларды тийгизсе, «ырдайт» дагы.
Табактын мындай сырларын ачуу үчүн дүйнөнүн көптөгөн окумуштуулары изилдеп көрүшкөн. Азыр да изилдеп жатышат, бирок сыры эмнеде экенин эч ким далилдеп бере элек. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкса, аны техникада, парфюмерияда колдонуу идеялары бар.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg