Адырашман май, июнь айларында гүлдөп, уругу сентябрь, октябрда бышат. Андан дары жасоо үчүн сабагын гүлдөгөн кезинде оруп, уругун күзүндө жыйнап алат. Эки түрү бар: уулуу жана уусуз. Ак гүлдүүсү уусуз, ал эми көгүлтүр кара гүлдүүсү уулуу.
Элдик медицинада адырашмандан жасалган дары кызыл жүгүрүккө, полиартритке, куяңга, жатын оорусунда, безгек, талма, тери жана эркектин урук безинин ооруларында колдонулат. Адырашмандан жасалган дарыны ичүү менен кайнатмасын ваннага куюп бууланууга болот. Ошондой эле кан басымга, ичтен кан өтүүдө, тамактын сезгенишинде, сасык тумоого дарылыгы жакшы. Бирок дарынын өлчөмү адамдын суук, ысыгы текшерилгенден кийин табып тарабынан аныкталып берилет.
Адырашмандан дары ванна (жогоруда айтылган бардык ооруларда колдонсо болот). Кургатылып жанчылган адырашмандан 200 грамм алып, үстүнө 10 литр суу куюп, 2 саат кайнатуу кажет. Ваннадан чыгарда алма уксусунан 2 аш кашык алып, аны 5 литр жылуу сууга кошуп, ошол суу менен чайкануу кажет. Анан төшөккө жылуу жатуу сунушталат.
Жөтөл үчүн дары. Муну өз алдынча даярдап алууга болот. Адырашман менен зыгыр уругунан 100 граммдан алып, жанчып, андан 1 чай кашыгын бөлүп алуу зарыл. 1 чай кашык урукту термостогу 0,5 литр сууга кошуп, демдөө кажет. Даяр болгон соң күнүгө 30 граммдан 3 убак ичилет.
Эскертүү! Дарыны өз алдынча колдонуудан мурда дарыгер менен кеңешүү зарыл.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg