«ГРУППАЛАШТАРЫМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
– 2004-жылы ЖАМУнун Таш-Көмүр технологиялык факультетинин БАСк-1-04 группасында чогуу окуган группалаштарымды издейм.
Уланбек Сейталиев,
тел.: 0779 74-07-41, e-mail: uranbas7@mail.ru
«ЖЭЭНИМ ТААРЫНЫП ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТКЕН»
– Мен 1982-жылы Суусамырдын Кожомкул айылында төрөлгөн сиңдимдин кызы Мокотаева Адина Токтоболотовнаны издейм. Ал мындан 10 жыл мурун таарынып үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген жок. Угушубузча, ал Ысык-Көлдүн Оргочор деген айылына турмушка чыгыптыр. Айнура деген кайнежеси бар экен. Адина, эгер бул кабарды окуп жатсаң, биз менен байланыш. Сени апаң, бир туугандарың күтүп жатат.
Таежеси Рапия,
тел.: 0555 94-00-97
«ТАЯТАМДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Таятабыз Шаршен Сатылгановду издейбиз. Ал Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынан болот. Таятам менен таенем жаш кезинде баш кошуп, анан апам кичинекей кезинде ажырашып кетишкен экен. Апамдын аты-жөнү – Төрайым Шаршенова. 1953-жылы төрөлгөн. Ажырашкан соң таенем Жалал-Абад шаарына турмушка чыгыптыр. Ошентип, апам Жалал-Абадда чоңоюп, таятамды көрбөй калган. Азыр апам таятама жолугуп, тирүү болсо көзүн көрсөк, бала-чакасы менен табышып, катышсак деп издеп жүрөт.
Улукбек,
тел.: 0770 95-00-00
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43
Асхат Субанбеков
koom@super.kg