БАТКЕН-ИСФАНА ЖОЛУ КАЙРАДАН КУРУЛА БАШТАЙТ

Баткен-Исфана жолунун учурда абалы начар. Жолдон тынымсыз оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнүн натыйжасында жолдор бузулуп, жарылып кеткен. 8-июлдан баштап бул жолду оңдоп-түзөө иштери башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жусубали Исаев маалымдады. Анын берген маалыматына караганда, салынуучу жол Баткен районунун Ак-Татыр айылынан Лейлек районунун Кара-Суу айылына чейинки аралыкты камтыйт. Андан ары Кара-Суудан Исфанага чейинки аралыкта болуп, эки жерден курулуш иштери башталат. Эки жол тең күзгө чейин бүтөт. Эл аралык стандарттагы асфальт жол курулуп, ишке берилет. Бул жолду куруу иши тендерден утуп чыккан кытайлык «Чайн роуд» компаниясына тапшырылды.

Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kristiano
2013-07-08 18:40:17
жакшы болот эле
0
uty
2013-07-09 01:38:47
кудай бериптир ондо
0
zzz---zzz
2013-07-10 11:54:51
Жакшы иш экен. Эми андан ары Исфана-Кулунду, Кулунду-Максат. Максат-Арка жолдору да ондолсо жакшы болор эле, себеби Таджикстанга коз каранда болбой Кыргызстандын жолдорунда машинелер журуп калар эле.
0
zai-kayrat
2013-07-14 03:51:35
Жолдуго салып жатат чон рахмат
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан