ӨРҮКТҮН БААСЫ ӨТКӨН ЖЫЛДАГЫДАН АРЗАН

Учурда Баткенде өрүктөр бышып жаткан чак. Ак өрүк деп аталган сорту алгачкылардан болуп бышып, кургатылбаган бойдон сатылат. Аталган өрүк Баткен районунан Өзбекстан жана Тажикстанга экспорттолуп турат. Бирок быйылкы жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу өрүктүн баасы түшүп кеткени жергиликтүү элди кабатыр кылууда. Буга чейин килограммы 50-60 сомдон экспорттолуп жүргөн болсо, быйыл анын баасы 20 сомго түшкөн. Баткендин өрүгү соодагерлердин айтымында, быйыл мурунку жылга караганда түшүмдү жакшы берген. Бирок өрүкзардын дыйкандары өрүктү өтүмдүү кылып теришпегендиктен, өрүктөр жолдон бузулуп кетүүдө. Быйыл Өзбекстандын өрүктөрү да экспортко чыгып, бул көрүнүш баанын кескин түрдө өзгөрүшүнө алып келген.

Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AFRODITA-89
2013-07-11 18:27:15
Орук жегим келдигооо
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан