Мындан 9 ай мурун, тактап айтканда, 2012-жылдын 6-октябрында Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарынан 11 айлык Айбийке Абдилакимова аттуу кыз жоголгон эле. Ал үстүбүздөгү жылдын 27-июнь күнү табылып, ата-энесине берилген. Айбийке Абдилакимованы Ноокат районунун Төөлөс айылынын тургуну, 1994-жылы туулган Акбермет Акматова уурдап кеткен. Айбийкенин табылышына Кызыл-Кыя шаардык милиция кызматкерлери жана мурдагы ички иштер бөлүмүндө эмгектенип, учурда эс алууда жүргөн Аскар Аманбаевдин кошкон салымы өзгөчө болгон. Анын айтымында, Айбийкени ким алып кеткенин, кайда жүргөнүн так аныктоо үчүн 4 ай убакыт кетип, бул сырды эч кимге жарыя кылбай, тымызын иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада наристе ата-энесине кайтарылды. Учурда Акбермет Акматованын үстүнөн кылмыш иши козголуп, айыпталуучу Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.