Жакында Кадамжай районунда «Ак-Суу» балдар эс алуу борборунун ачылышына кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Азыркы күндө иштей турган ашпозчулар, тарбиячылар медициналык кароодон өтүп жатышат. Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Ак-Суу» балдар эс алуу борборунда иштөөгө атайын педагогикалык билимдүү тарбиячылар тандалып алынган.
Райондук санитардык көзөмөл борбору тарабынан балдар иче турган таза суу жана бассейндин суусу текшерилип, таза чыкты. Дагы бир жолу текшерүү иштери жүргүзүлөт. Балдар үчүн идиш-аяктар, эс алуу корпустарына бериле турган 140 комплект жана тамактар үчүн фарфор идиштеринен 100 даана даярдалган.
Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg