2013-жылдын 5 ай ичинде Кадамжай районунун аймагында 52 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Кадамжай РИИБинен билдиришти. Анын натыйжасында 6 адам каза болуп, 76 адам түрдүү жаракат алган. Ал эми өспүрүмдөрдүн арасында 8 жол кырсыгы катталып, каза болгондор жок. 9 өспүрүм түрдүү жаракат алган. Кадамжай районундагы жаңы салынган айланып өтүүчү жол кандуу жолго айланып, андан көп жол кырсыгы катталууда.
Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg