Кеңсебизге бул айым көп ирет келет, ар дайым колунда кучактаган чоң дептери бар. Эмесе, 61 жаштагы Махабат айымдын арманы, көңүл дарты, жан дүйнөсүнүн аруу сырына чогуу шериктеш бололу.
«АТА-ЭНЕМ КУДАЛАП КОЙГОН ЖИГИТТИ ЧАНЫП КЕТКЕМ»
– Өзүм Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынан болом. 1952-жылы туулгам, учурда Жалал-Абад шаарында жашайм. Жаш кезимде келишкен сулуу кыз болчумун. Атам чоң кызматта иштечү. 18 жашымда ата-энем мени кошуна айылдагы бир жигитке кудалашып койгон. Ал кезде жеңелер кыз-жигитти тааныштырчу. Ата-энем тапкан жигит менен жеңем аркылуу жолуктум. Чачы тармал, бою узун жигит экөөбүз таанышып, сүйлөштүк. Кутман институтту бүтүп келген, сымбаттуу жигит экен, жактырдым, ага да жагыпмын.
Ошентип, ата-энелерибиз салт-санаасын кылып бизди баш коштурмакка белсенип калышты. Ошол учурда мен ал тууралуу жаман сөздөрдү уга баштадым. Элдин ичинде жаманы да, жакшысы да бар эмеспи. Кутман тууралуу мага ар кандай сөздөр айтыла баштады. Башка кыз менен да байланышы бар экенин укканда катуу ызаланып кеттим. Азыр ойлосом, кыска ойлуулук кылган экенмин. Ушак сөзгө таарынып, өзүмдүн чырайыма ишенип документтеримди алдым да, Ош шаарына окуганы кетип калдым. Кутман артымдан келет деп ойлогом, бирок ал келбеди. Август айында училищеге тандоо жүрүп, ага өтүп кеттим.
Жылдар өтө берди, окууну бүтүп, кесибим боюнча иштеп жүрдүм. Канча убакыт өтсө да, Кутманды күтүп жүрө бердим. Жүрөккө буйрук бере албайт экенбиз да, андан башка адамды жаныма жакындата албадым. Кийинчерээк анын үйлөнгөнүн уктум. Айылдагы бир кызга баш кошуп, менин ата-энемден калыңга деп берген акчасын да алып кетишиптир. Ушунчалык жүрөгүм ооруду, андагы абалымды өзүмдөн башка эч ким түшүнбөс.
Көп өтпөй 1970-жылы мен да турмушка чыктым. Иштеп жүргөн учурда кошуна жашаган жигит мени жактырып калып, ала качып кетти. Баш коштук, тагдыр экен, аны менен жашап калдым. Жолдошумдун ата-энеси жок, жетим болчу. Тагдырым татаал болуп калды, анткени көңүлүмө туура келбеген адамга туш келдим. Анан да ал аябай кызганчаак эле. Мени катуу сабап, денем көгала болуп сулк жатып калган убактар көп болду. Тамеки эгип, жер иштетчүбүз. Кийинчерээк жолдошум ичкиликке берилип кетти. Ичкилик ичкен күнү менде күн жок. Аны эл дагы билет. Алты балалуу болдук, мен жолдошумдун көп ичкенине карабай балдарым менен бутка туруп кеткенге аракет кылдым. Сабагандан улам канча жолу боюмдан түштү.
«КҮЙӨӨМ САБАЙ БЕРГЕНДИКТЕН ООРУКЧАН БОЛУП КАЛДЫМ»
– Жашоо түйшүгүнүн баарын жүрөгүмө, ичиме ката берип дартты үйүп алсам керек, катуу ооруп калдым. Бир күнү эртең менен ойгонсом бүтүн дүйнө жымжырт, эч нерсени туйбайм. Көрсө, колу-бутум иштебей, кулагым укпай калыптыр. Оозумду ачканым менен сүйлөй албайм, тилим күрмөөгө келбейт. Күтпөгөн элем, бирок тагдыр ал күндү да башыма салды. Ооруканадан мени дарыгерлер жакшы карашты. 1 айдан кийин бутум бир аз шилтенип калды. Андан соң акырындан сүйлөй баштадым. Бирок кулагым укпаган бойдон кала берди. Жымжырт, тыптынч ааламда жашап келе жатканыма быйыл 25 жыл болот.
Жолдошум экөөбүз Көк-Арт кичи шаарчасына там тургузган элек. Ал арада аны көчкү басып калды. 2006-жылы жолдошумдун көзү өтүп кетти. Кан басымы жогору болчу, эч бир жери оорубай эле отурган жеринде кете берди. Учурда 6 баламдын үзүрүн көрүп, «шүгүр» деп жашап келе жатам. Бирок кулагым укпаганы жана жүрөгүмдөгү сүйүүм менин арманым болуп калды. Кээде ушунчалык бук болуп кетем, адамдардан корунам. Пенделер баары бирдей эмес, кээ бири мени табаласа, кээ бири түшүнөт. Эгер адамдар мени капа кылса, мен аларга капа болгонумду билдирбейм, ичиме катам. Айтышат го, Кудайга жаккан адамга гана сыноо берилет деп.
«ЖҮРӨГҮМДӨГҮ СҮЙҮҮМ ӨЧӨ ЭЛЕК»
– Кимдир бирөөгө күлкүлүү туюлар, бирок менин Кутманга болгон сезимим дале өчө элек. Билем, сүйүү бар нерсе, ал түбөлүк жашай берет, өчпөйт. Жолдошумду сыйлап, ага жакшы аял болуп бергенге аракет кылдым. Бирок сүйүү башкача сезим экен. Баарын дептерге жазып катып коём. Сырымды эч кимге айтпайм, сырдашым ушул ак барактар.
Кутман учурда айылда кадыр-барктуу киши. Көргөн жерден сый саламдашып өтүп кетебиз. Өмүр бою ошол адамды сүйүп өткөнүмдү билдирбейм. Анын балдары жана менин балдарым муну окуп калса туура түшүнүшөт деген ойдомун. Өлсөм ичимде кетпесин деп силерге кайрылдым. Азыркы жаштарга айтарым, сүйгөн адамыңар менен чогуу болгонго ар дайым аракет кылгыла, күрөшкүлө! Болбогон нерсе үчүн таарынбай, анын ыйыктыгын сактай билгиле. Эң негизгиси, ата-эненин көңүлүн оорутпай, алардын каалоосу менен да эсептешип койгула. Ата-эненин батасын бузбагыла, ал дагы эң жаман көрүнүш. Балким, ошол үчүн дагы мен ушундай тагдырга туш болгондурмун...
КУТМАНЫМА
Ак пейилдүү сен экенсиң,
Өзүм үчүн тең экенсиң.
Айылымда бирге жүрсөк,
Арманыма дем экенсиң.
Түгөнбөгөн кен экенсиң,
Түгөйлөшүм сен экенсиң.
Түпкүрүндө жүрөгүмдүн,
Түнөк алган сен экенсиң.
Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg