КӨЗ ЖООСУН АЛГАН ШЫРДАК ФЕСТИВАЛЫ

Нарын шаарында 22-23-июнда «Кыргыз шырдагы-2013» аттуу фестиваль болуп өттү. Түркүн түстүү боёктор менен көз жоосун алган шырдактар көпчүлүктү кайдигер калтырбады.
Фестивалга өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынан уз-чеберлер келип, эмгектерин эл алдына тартуулашты. «Салкын-Төр» эс алуу багында жалаң жүндөн жана кийизден жасалган эмгектер коюлду. Көрүүчүлөр жана кардарларга биринен сала бири кызык көрүнүп, тандоонун көптүгүнөн баштары айлангандай. Фотоаппараттарын көтөрүп, бирден котормочу ээрчиткен чет элдик туристтерди да көрүүгө болот. Алар да шырдактарга аябай кызыгып жатышты.
Көргөзмөдө кыргыз кийимдери, териден, жыгачтан жасалган сувенирлер, курактар, ала кийиздер, кыз-келиндердин көзүн күйгүзгөн жүндөн жасалган шурулар, шакектер, баш кийимдер жана бут кийимдер орун алган. Баарынан жалал-абаддык туугандар жасап келген жүн шуру кызыгуу жаратты. Кадимки жүндү түркүн түстөргө боёп, аны тоголоктоп уютуп, арасына катуу, жыгачка окшош өсүмдүктү тешип, жипке өткөрүп кошуп жиберген. Шурунун ээси бул өсүмдүктүн «катын жаңгак» деп аталарын жана ал Жалал-Абадда гана өсөрүн айтты.

Ар түркүн кызыктарды аралап жүрүп, өзгөчө стилде тигилген кийиз кийимдердин топтомуна туш болдум. Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан бул кийимдердин өзгөчөлүгүн билүү үчүн көйнөктөрдүн автору, дизайнер НУРЗАТ ЖЭЭНБЕК КЫЗЫНА бир нече суроолор менен кайрылдым.

– Нурзат айым, колуңуздан жаралган керемет кийимдер көз жоосун алат экен...
– Рахмат. Мен бул жерге Нарын облусунун атынан катышып жатам. Өзүм Нарын жергесинин кызымын, этнодизайнермин. 2010-2011-жылдары удаасы менен Кыргызстандагы «Мода жумалыгы» сынагында 1-орунду жеңип келгем. «Белес», «Көпөлөктүн жаралышы», «Үзүлө элек гүлдөр» аттуу бир нече коллекцияларым бар.

– Кийимдерди кандай жол менен жаратасыз?
– Идеянын баары өзүмдүкү. Кыргыздын улуттук колоритин сактаганга аракет кылам, бирок модадан да четте калбай, заманыбызга жараша эскиздерди ойлоп алам. Менин жүндөн жасалган кийимдерим жибек кездемелерден аралашып, тигиш салынбай жасалат. Алгач өлчөмдөрүн алып, андан соң керектелүүчү жибек кездемелердин өңдөрүн тандайм, мурда даярдалган дизайнды кардардын тандоосу менен жүн кошуп бириктирип жасайм.

– Кийимдердин башка кездемелерден айырмачылыгы эмнеде?
– Баары жибек, жүндөн токулат. Өзүңүздөр билесиздер, жүн адамдын денесине, терисине абдан пайдалуу. Кан айланууну жакшыртат,  аба өткөрүп турат. Жибек дагы ушул сыяктуу касиеттерге ээ. Менин эмгектеримди азыр көчөгө кийүүгө да сурап калышты. Алгачкы коллекцияларым оригиналдуу болгондуктан, аларга сахна адамдары көбүрөөк суроо-талап коюп, подиумдан кийин эле артисттерге даярдап калгам.

– Мисал келтире кетсеңиз...
– Жамиля Муратова, Силима Абдылдаева жана Каныкейдин өзгөчө кийимдери менин колумдан жаралган. Суроо-талаптар көп эле болуп жатат. Дагы көптөгөн аткарыла элек иштер бар. Буюрса, мода сүйүүчүлөргө тартуулап калам деген үмүттөмүн.
Эки күнгө созулган фестивалда катышуучулардын арасынан жеңүүчүлөрдү тандоо биринчи күнү эле уюштурулду. Анда сынакка катышкан 254 шырдактын ичинен 2-турга 27 шырдак өттү. Алардын ичинен 12 шырдак мыкты деп табылып, байгелүү орундарга ээ болушту. Жеңишке жетишкен 12 шырдак калыстар тарабынан коюлган негизги 4 критерийге татыктуу деп табылды. Ошондой эле баш байгени жана 1-орунду камсыз кылган уздардын шырдактары Нарын облусунун музейине эстеликке калтырылды.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akrosa
2013-07-13 00:35:34
бул жака кызыккан эч ким жокко
"кыз зордуктады" "кытайлар" деген темада журушотко баарыле мен жакшы жакшы

0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан