ЖАЙДА ЖААГАН КАР АДАМ ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ

Ысык-Көлдө жайкы сезон башталганда «бап» эттирип кар жаап салды. Кардын кесепетинен жүздөгөн мал кырылып, бир адамдын өмүрү кыйылды. Бул окуяны билүү үчүн Тоң районуна бет алдык.

Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагындагы Калкагар айылында кардан бак-дарактар жыгылып, электр чубалгысы үзүлүп, анын кесепетинен орто мектептин директору, 34 жаштагы Адис Дыйканов каза болгон. Токко урунуп каза тапкан Адис Дыйкановдун атасы АЖЫМАХУН ДЫЙКАНОВ:

– 18-июнь күнү кечинде кар жаап баштаган. Үйдө курулушка анча-мынча материал жетпегендиктен, Адис теңтушунун үйүнөн алып келейин деп кеткен. Саат 11лер чамасында жарык өчүп калды. Эртеси тоодогу мал эмне болду экен деп короодон чыгып, 50 метр узагандан кийин эле жолдо кулап жаткан бакты көрдүм. Жанында баламдын автоунаасы токтоп туруптур. Жакындай бергенде жолдун так ортосуна бак кулап, анын түбүндө уулум жатканын көрдүм. Көзүмдөн чаар чымын учуп, темселеп бара жатып жерде жаткан электр чубалгысын көрө койдум. Өзүмдү токтотуп, иниме чуркап барып, аны жарыкты өчүрүүгө станцияга чуркаттым.
Уулумдун жанына барсак, каза болуп калыптыр. Бир колуна телефону, экинчи колуна электр чубалгысы жабышып калган экен. Көрсө, жол жээгиндеги дарак жыгылып, жолду тороп калыптыр. Адис унаасын токтотуп, даракты жылдырып, машинасы менен өтүп кетейин дегенде үзүлгөн зым жабышкан экен.

Бул кырсыктын алдын алууга болот беле? Жол жээгиндеги бак-дарактар менен электр чубалгыларынын аралыктары кандай болуш керек? Ушул суроолорго жооп алыш үчүн Тоң райондук "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун башкы инженери МАРАТБЕК СЕЙИТГАЗИЕВге кайрылдык:

– Электр чубалгылары турган жерде бак-дарак болбошу керек. Бирок айылда бактарды кыйсак, экологдор каршы чыгышат. Тоң районунда кыш суук, жергиликтүү калк отун, тезек жагып кыштан чыгабыз. Айыл тургундары бак-дарактын баарын кыйып салууга уруксат беришпейт. График боюнча ар бир электр чубалгысы бир жылда бир жолу текшерүүдөн өткөрүлөт. Бак-дарактар канчалык өстү, электр чубалгыларына тийбейби деп текшерип турабыз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
AskatMoskow
2013-07-08 09:07:41
ажал айтпай келет деген ушулда
+1
nurilasuranova
2013-07-09 15:18:36
жаткан жайы жанната болсун
0
AWIR
2013-07-11 12:51:49
бул кокустук, жаны жаннатта болсун!!!
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан