Кызын интернатка берүү чечимине апасы Дэби Роу менен чоң энеси Кэтрин Жексон келишкен. Алардын айтымында, интернатта кызга керектүү абалда жардам бере алчу шарт бар. «Ал жакта Пэрис өзү же атасы Майкл Жексон тууралуу жагымсыз маалыматтарды чыгарган интернет, ММКлардан алыс болот» дешет алар. Өспүрүм кыздын мындай абалга түшүшүнө үйүндөгүлөрдүн рок ырчысы Мэрилин Мэнсондун концертине барууга тыюу салганынан чыккан. Буга ызаланган Пэрис бөлмөсүнө камалып, венасын кескилеп салган. Андан сырткары агасы экөөнүн атасы эки башка экенин укканы же социалдык тармактагы өзүнүн дарегине айтылган терс комментарийлерди окуганы да себеп болушу мүмкүн деген версиялар бар.