Сүйүү жаш-карыга карабайт, бирок чөнтөккө карайт окшойт. 29 жаштагы «фабрикачы» Прохор Шаляпин 51 жаштагы Лариса Копенкинага, бизче айтканда, «сөйкө салды». Чоң кемени жалдап, жакын досторун конокко чакырган ырчы жигит сүйгөнүнө бриллиант чөгөрүлгөн ак алтындан шакек салганын көрүп эл эмес, достору аң-таң.
Эске салсак, экөө Ямайкада эс алып жүрүп таанышып, мамиле кургандарына жарым жылдай болгон. Кыска мөөнөттүн ичинде миллионер айым жигитине 18 миллионго бааланган квартира сатып бергенге жетишкен. Бирок Прохор мырзалык кылып үйдөн баш тартып койгон.