Голливуддун көз күйдүргөн бойдок актёрлорунун бири «жүк ташуучу» Жейсон 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн модель Роуз Хантингтон-Уайтлиге үйлөнөм деп турат. Ортосундагы 19 жыл айырмачылыкка карабай экөө ынак экенин билдирүүлөрүнөн билсек болот. Модель айым да бөлөк жаш жигиттер аны кызыктырбасын, башкалар менен көз кысышкан ага кызык эмес экенин белгилеген. Айта кетсек, Жейсондун сүйгөнү «Трансформерлер-3» тасмасына да тартылган.