7-июль күнү кечки саат 17:00 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 10 гектар эгин айдалган жер күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Алардын айтымында, өрт өчүрүүчүлөр келгиче жалын бир топ жерди каптап кеткен. Тилсиз жоону өчүрүүгө эки сааттан ашык убакыт кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg