Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айылында Чүй облусунун чек арачылары аткезчилик менен алектенген шылуундарды кармашты. Чөптүн түгүнө жашырып, Чүй дарыясы аркылуу Казакстандын аймагына мыйзамсыз товарларды алып бараткан жарандарды чек арачылар байкап калышкан.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, чек арачыларды көргөн жарандар товарларды түк менен кошо таштап, Казакстандын аймагына качып кирип кетишкен. Чек арачылар бир жаранды кармаганга үлгүрүшкөн. Андан соң тийиштүү документтер толтурулуп, кармалган жаран жана товарлар Чүй РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg