Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2013-жылдын 5-июлунда Москва районунун Беловодск айылынын 42 жаштагы тургуну анын үйүнө белгисиз бирөө кирип, зордуктап кеткендиги тууралуу арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Арыз ээси зордукчу болжол менен 20-25 жашта экенин жана окуя саат 02:30да болгонун билдирген.
Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, изи сууй электе ошол эле айылдын тургуну, 22 жаштагы Э.Б. кармалды. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg