«ТРАКТОРГО ЧИРКЕЛЧҮ ЧӨП ЧАПКЫЧТЫН ЭЛГЕ ПАЙДАСЫ ЧОҢ»

Бакай-Ата районундагы Наматбек айылынын 51 жаштагы тургуну, дыйкан Эсенбек Үкү уулу техниканын өзгөчө түрлөрүн жасап алган. Алардын бири «универсал» трактор болсо, экинчиси тракторго чиркелчү чөп чапкыч.

– Алгач өзүңүз ойлоп тапкан чөп чапкыч тууралуу айтып берсеңиз. Кандайча жасалып калган?
– Муну жасоо идеясы союз тарап, комбайндар азайып калган учурда жаралып, анан ишке ашырдым. Комбайндын 4,5 метр болгон чапкычын алып, трактордун күчүнө жараша аркы-берки жагын кыскартып, андан соң аны кадимки эле МТЗ-80 тракторунун тумшугуна чиркөөгө ылайыктадым. Анткени МТЗ-80 тракторунун тумшугуна эч нерсе чиркелбейт. Чапкычты артка чиркөө иштөөгө тоскоолдук жаратат. Артты карап чабуу такыр мүмкүн эмес. Бул жеке фермерлерге ылайыкталып жасалган. Учурда ар бир 3-фермерде трактор бар, бирок баарынын комбайн сатып алганга мүмкүнчүлүгү жок. Комбайн алганда деле ал 1 жыл ичинде көп болсо 2 ай гана иштетилет да, калган учурда бош турат.
Алгач «кокус болбой калсачы» деп чочулап, эч кимге көрсөтпөй жасадым. Анан бир күнү жездеме барып «сиздин чөбүңүздү чаап көрөйүн» дедим. Кемчиликтер көп эле кетиптир, улам бузулат, улам оңдойм. Үйгө келип сынган жерлерин ширетип кайра барып чаап отуруп 50 сотых жерди бир күндө чаптым. Андан соң ширеткичти артына чиркеп алып бузулган, сынган жерден эле ширетип алганга өттүм. Бара-бара бир күндө бир гектар жерди чапканга жетиштим. Азыр болсо, Кудайга шүгүр, бир күндө 10 гектар жерди чаап койгонго жетишем.
Жогоруда айтпадымбы, комбайн 1 жылда 2 ай гана кызмат кылып, башка учурда бош турат деп. Анын үстүнө кымбат. Бул ага салыштырмалуу арзан түшөт жана тракторго 15 мүнөттө чиркеп ишке кете бересиң.
Мындан тышкары бул чапкычты ленталуу кылып койдум. Мындай кылганымдын максаты – чөптүн эки чабыгына тең жарайт. Уругу күбүлбөй чабылган чөп лента аркылуу акырын жылып барып тоголоктошуп жерге түшө берет.

– Каз тамандуу тракторду дөңгөлөктүү тракторго кантип алмаштырдыңыз? Бул да уккан адамды кызыктырбай койбосо керек...
– 80-жылдары чыгарылган Т-70С деген кызылча өстүрүүгө ылайыкталган каз тамандуу тракторду дөңгөлөктүү кылып колдонуп келем. Анткени каз тамандуулар айдоо жерде жүргөнгө арналып, жай жүрөт, трассада асфальтты казып кетет. Ошондуктан аны ушундайча өзгөртүп салдым. Заводдон коюлган алдыңкы кыймылдоочу бөлүгүндөгү дөңгөлөктөрдү бекиткен ок темирлерди жана каз таманды алып, анын ордуна кадимки эле резина дөңгөлөктөрдү койдум. Тактап айтканда, арткысы комбайндыкы, алдыңкысы прицептики. Эми мындай кебетеси менен болгон жумуштун баарын бүтүрүүгө ыңгайлуу болуп калды. Муну көргөндөр «универсал трактор турбайбы» деп күлүп калышат.

– Жакшы экен, жүк көтөрчү кран да жасаган турбайсызбы, канча каражат сарпталды? Акчасын кайра актадыбы?
– Жасоодо 30 миң сом сарпталды. Аны бир жылдын ичинде актап койду. Бул ар бир үй-бүлөгө керектүү нерсе деп ойлойм. 3 тонналык жүктү 6 метр бийиктикке чейин көтөрө алат. «Универсал» трактордун артына чиркелип башкарылат. Кадимки крандан айырмасы, бир жерден экинчи жерге керектүү жүктү ташып алып барасың. Ал дөңгөлөктөр орнотулгандыктан жылып жүрө алат. Дөңгөлөктөрү кадимки прицептики. Бул техникалар өзүбүзгө гана эмес, элге да пайдасын тийгизип жатат.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
bosmos7
2013-07-15 12:14:53
Азаматсыз! Качан мамлекет дыйкандарга жардам берет ! Жаны тракторлорду келишим турундо Белоруссиядан алып келип! Кытайга караганда!
0
nurik9090
2013-07-16 06:34:54
конструктор го бул брат ийгилик ишине
0
kyrgyzz
2013-07-17 15:23:56
barakelde jakwy ideya eken birok bul jerge vidiosunda juktop koisonuz abdan jakwy bolmok men kyzygyp atam kandai iwteerine anan berki 4op 4apky4tan artyk4ylygyna

0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан