БҮРГӨ АДАМГА 25 ТҮРДҮҮ ООРУНУ ЖУГУЗАТ

Бүргө ар кандай ооруларды козгоочу, алып жүрүүчү жана кан соруучу курт-кумурскалардын башында турат. Илимде дүйнө боюнча 2380ден ашык түрү бар экени тастыкталган. Оңой менен карматпаган бүргөнүн жашоосу, адамга зыяны тууралуу маалыматтар алдыңыздарда.

ТУЛКУ БОЮ
Узундугу 1 миллиметрден 5 миллиметрге чейин жетсе, кээ бир ургаачылары азыктангандан кийин 10 миллиметрге чейин узарышат.

БАШ БӨЛҮГҮ
Башында оозу (соруучу аппараты), мурутчасы жана көзү жайгашкан. Кээ бир түрлөрүнүн көзү жок болот.

ДЕНЕСИ
Жылмакай жана сырты тикенектүү, катуу түктөр менен капталган. Бул түк жана жүндөрдүн арасында эркин жүрүүгө, шыпырылып түшүп калбоого жардам берет. Өңү күрөң, ачык күрөң, кара күрөң түстө болот.

БУТТАРЫ
Көкүрөгүндө жайгашкан 3 жуп буту бар. Алдыңкы эки буту тез жүрүүгө ылайыкталган. Арткы узун буттары 30 сантиметрге чейинки бийиктикке, 50 сантиметрге чейинки узундукка секирүүгө жардам берет.

БҮРГӨ АНТАРКТИДАНЫ ДА БАЙЫРЛАЙТ
Бүргө бардык материкте кездешет. Ал гана эмес, климаты катаал Антарктиданы байырлаган түрү бар. Бирок көпчүлүк түрү мелүүн жана субтропиктик аймактар болгон Чыгыш Азия, Борбордук Азия, Батыш Америка, Чыгыш Африканы мекендешет.
Бүргөнүн күнүмдүк азыгы – адамдын жана жаныбарлардын каны. Кан соруусу 1 мүнөттөн бир нече саатка чейин созулат. Айрымдары канга тойсо да, соруусун уланта беришет. Бүргөнүн түрү көп экенине жараша аталыштары да көп. Алардын ичинен адамга зыян алып келүүчү 60 түрүнүн ичинен адам бүргөсү, мышык бүргөсү, ит бүргөсү – өзгөчөлөрү. Булар адам, ит, мышыктан тышкары кыска жүндүү жандыктарда да жашап, алардын каны менен азыктанышат. Өң-түсү жана чоң-кичинелиги менен айырмаланганы болбосо, дээрлик окшош.

ӨМҮР СҮРҮҮСҮ
Бүргө орто эсеп менен 1,5 жыл жашайт. Өтө тездик менен көбөйүшөт. Ургаачысы бул аралыкта 3000ге чейин жумуртка тууйт жана ал үчүн атайын жай издебейт. Жумурткаларын туш келген жерге тууй берет. Эки жумага жетпеген аралыкта жумурткадан буттары жок, кыймылы активдүү курттар пайда болуп чыгат да, азыктанууга ылайыктуу жай таап, жашырынып алышат. Андан соң курт калыбын өзгөртүп куурчакчага айланып, кийинки кадамында буттар өсүп, толук кандуу бүргө жаралат. Бүргө көбүнчө полдун тешиктеринде, төшөктүн алдында, таштанды төгүлүүчү жайларда, жаныбарлардын жүндөрүнүн арасында өсүп жетилет.

ЭҢ КОРКУНУЧТУУ ООРУЛАРДЫ ЖАРАТАТ
Бүргө кан менен азыктангандыктан, ар кандай ооруларды ташып жүрүүчү жана козгоочу катары коркунуч жаратпай койбойт. Жалпысынан оорунун 25 түрүн жугузат. Мисалга алсак, сарык, чума, ичеги жана тери ооруларынын бактерияларын оорукчан адамдан соо адамга жуктурат.
Сүрөттө тунгиоз тери оорусуна кабылган адамдын буту. Жумурткалоо үчүн тырмактын астына кирип кеткен бүргөдөн сезгенүү жаралат. Адамдын манжаларын шишик басып, ириңдеп, тырмактары чирий баштайт.

КУТУЛУУНУН ЖОЛДОРУ
Бүргөлөр жайдын күнү өтө активдүү болушат. Сырттан үйдүн ичине адам, ит жана мышык аркылуу кирип, байыр алып, тукумун уланта беришет. Ит менен мышык кашынып, тиштенип жатса, демек, бүргөсү бар деп түшүнүңүз. Андыктан үйдөгү бүргөнү жок кылуунун төмөнкүдөй жолдору бар:

  • Үйдү толугу менен тазалап чыгыңыз. Төшөктөрдү, кийим-кечени, жумшак оюнчуктарды күнгө жайып, күбүү керек. Полду жууп, тешиктердеги топтолгон чаңдарды калтырбай чыгарып, тазалаңыз. Кол жетпеген жыртык-тешиктерге курт-кумурскага каршы каражаттарды себиңиз.
  • Шейшептерди жана жууркандардын сыртын сыйрып жууп, кургаганда үтүктөңүз.
  • Ит менен мышыкты колдон келсе зоодүкөндөрдө сатылчу атайын курт-кумурскадан арылтуучу шампунь менен жуунтуңуз. Эгер жуунтканга мүмкүн болбосо, курт-кумурскага каршы чыгарылган атайын каражаттардан денесине себиңиз.
  • Ит менен мышыкты бүргөдөн коргоочу каргы (атайын жыт чыгарып турат) сатып алып тагып коюңуз.
  • Эрменди кургатып, төшөнчүнүн арасына, гардеробдун ичине коюп койсоңуз, жытынан бүргө качат. Ошондой эле эрменди иттин уясына, үйдүн кире беришине илип коюу сунушталат.
  • Эгер бүргөнү өз алдынча жок кылууга мүмкүн болбосо, атайын кызматка кайрылсаңыз, керектүү дары-дармек менен жок кылып берет.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТ

  • XVI-XVII кылымдарда бүргөдөн жана башка мителерден кутулуу үчүн ак сөөктөр атайын бүргө кармагычтарды жанына илип жүрүшкөн. Кызыгы, ал убакта тез-тез жуунуу ден соолукка зыян деп ойлошуп, ак сөөк, байлар дагы чанда гана жуунушкан. Айымдары чач бекем болуп, түшпөйт деген ойдо койдун майын сүйкөнүшкөн. Ал бүргө менен биттердин көбөйүүсүнө алып келген.
    Бүргө кармагыч буюм пилдин сөөгүнөн майда көзөнөкчөлөрү бар кутуча түрүндө, буралып ачыла турган капкактуу болгон. Ичине бүргө жана башка мителерди өзүнө тартып, киргенден кийин жабышып кала тургандай кан, бал, чайыр салынчу же жыпар суюктуктарга чыланган чүпүрөк коюлчу. Мындай капканды кийимдин ичине, жасалма чачтын, жаканын алдына илип алышкан.
  • Орто кылымда бүргө менен күрөшүү үчүн бүргө көп байырлоочу, жүнү кыска жандыктардын терилерин да колдонуу модага айланган. Мисалы, арс чычкан, суусар, сасык күзөн (хорёк) жана киштин (соболь) терилерин баш, буттарын кеспестен ак сөөктөр кийимдин сыртынан асып жүрүшкөн. Чогулган бүргөлөрдөн терини силкүү менен кутулуп турушкан.
  • Бүргөдөн кутулуу үчүн Кытайда уктаардын алдында бамбуктан же пилдин сөөгүнөн даярдалган түтүктү жылытып төшөктүн астына салып же керебеттин алдына коюп коюшкан. Түтүктөгү жылуулук курт-кумурскаларды өзүнө тартып, чогулткан. Эртең менен ал түтүктөрдү кайнап турган сууга салып курт-кумурскаларды өлтүрүшкөн.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бүргө адамга 25 түрдүү ооруну жугузат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
AZIK01
2013-07-15 11:06:33
бул газетага биз чыга албай журсок бурголор чоон бетти ээлеп алыптырго
+1
Ainur85
2013-07-15 18:09:42
AZIK01,хахаха))))
+1
bemaKG90
2013-07-17 05:21:54
AZIK01, hahaha prikol
+1
Саби
2013-07-15 13:26:08
2-3 Кундон бери эмне кылам кантип кетирем деп журдум эле ар-кайсы жерди чагып баштаганынын баары эле бул бурго деп атышкан эми оной менен кетпейт дешкен.Эменди,дары алып келейин ушул кан соргучтан кутулбасам болбой калды.Рахмат силерге Супер-Инфо убагында жаздынар.
+1
snejinka
2013-07-15 16:26:49
К.Сыдыковдун материалдарын кызыгуу м-н окуйм, жонокой тилде, тушунуктуу кылып жазылганы жагат.
+1
marin
2013-07-16 10:31:02
Bir jolu joldo ketip jatsam bir burgo velik menen dordoygo ketip jatkan eken 4in ele kop okwoyt
0
bemaKG90
2013-07-17 05:26:33
marin, osho burgonun betin taanyp kalsan srazy sotko ber
0
Aijan1968
2013-07-16 13:41:20
Бир челек сууга жангактын 10 жалбырагын,бир букет зверобой(кыргызчасы эрменби билбедим)салып кайнатылат.Кайнаган кезде саргыч туско айланат(зверобойдун боегу чыгат).
Сууну муздаган кезде уйдун полуна,килем,тошончулорго сээп комнатаны жаап коюу керек,4-5 сааттан сон буюмдарды эшикке жайып сергиткенче уйду желдетип аласын.Суу саргыч болгон менен тошончулордо эч кандай так калбайт.Бул рецепт бир гана комнатага эсептелинген,ал эми бардык болмолорду сразу тазалайм десен анда олчомун албетте коб
+1
nasik198
2013-07-16 23:27:20
Эрмен деген кандай болот ,убагында эн керектуу маалымат берилиптир рахмат.
+1
smile
2013-07-17 11:02:03
Эрмендин орусчасы кандай? Аптекадан сурасам билишпейт экен.
+1
admin_media
2013-07-17 11:13:03
smile,
Саламатсызбы!
"Полынь" орусча аталышы.
+1
admin_media
2013-07-17 14:47:55
Хан,
Жарнама жана коммерциялык маалыматтарга "Комерциялык жарыялар" аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат берилет.
0
Virtual
2013-07-19 11:07:01
рак оорусу менен дагы ооруйбу адам Бурго чакса?
0
isiasem
2013-07-19 13:43:24
Бурго чакса аллергия да козголуп кетет экен
+1
tairermatov
2013-07-20 09:01:46
Бир бурго учун ушунча тополонбууу?
+1
rozka
2013-07-20 09:47:58
Бургону ушунчалык жаман кором
+1
mahachina1981
2013-07-20 11:24:25
Чоооон рахмат маалыматка супер инфо!!!
+1
Urmat-1989
2013-07-21 09:51:54
урматтуу суперчилер менин силерге отунучум бар.ТV-програмасын сайтка чыгарып койбойсуздарбы?
+1
admin_media
2013-07-22 12:41:17
Urmat-1989,
Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан