КАЛЕМПИР ЧАЧТЫ ӨСТҮРҮП, КӨРҮҮНҮ ЖАКШЫРТАТ

«Табитке талаш жок» деп коёт. Анын сыңарындай, бири таттуу, ширин даамды тамшанып жесе, экинчилери кычкылды жактырышат. Айрымдар ачуунун артынан түшүп, бардык тамакка калемпир кошуп жегенди жакшы көрүшөт. Ачуу дегенде дароо калемпирди элестетебиз. Бирок ачуу эмес да калемпир болот. Анда сөз жалпы эле калемпир туурасында болсун.

Калемпирдин мекени – Түштүк Америка. Илгери ацтектер аны «chili» (кызыл) деп аташкан. Ушундан улам азыр да ачуу калемпирди чили деп коюшат. Кийин испаниялыктар ага «pimiento» деген ат ыйгарышкан. Эл аралык, илимий аталышы – «piper». Дүйнөдө 700дөн ашык түрү бар.

КАЛЕМПИР ВИТАМИНГЕ БАЙ
Курамындагы

  • С, Р витаминдери кан тамырды бекемдейт.
  • А витамини чачтын өсүшүн камсыздап, терини азыктандырат.
  • В1, В2, В6, РР витаминдери кант диабети менен ооругандарга пайдалуу. Эс тутумду, көздүн көрүүсүн жакшыртып, уйкусуздук, чарчоо сыяктуу маселелерден арылтат.
  • Минералдык туздар (калий, натрий, йод, фосфор, темир, цинк, кальций, магний) иммунитетти жогорулатат.
  • Капсаицин алкалоиди уйку безинин жакшы иштешин шарттайт, жогорку кан басымды төмөндөтөт жана канды суюлтат.

Эскертүү! Ачуу калемпир ашказан жарасы, геморрой, боор жана бөйрөк оорулары барларга сунушталбайт!

Кызык экен
СКОВИЛЛДИН АЧУУЛУК ШКАЛАСЫ
Америкалык химик Уилбур Сковилл ар түрдүү калемпирлердин ачуулугун салыштыруу максатында өзүнүн шкаласын түзгөн. Окумуштуу калемпирге ачуу даам берүүчү капсаицин алкалоидинин санын эсептеген. Анан ага Сковиллдин шкала бирдиги (СШБ) деген аталыш ыйгарган. Бул шкалага ылайык, биз адатта колдонуп жүргөн болгар калемпиринин ачуу түрү ачуу деп эсептелбейт.

Дасторкондо
«КОРОЗ КУЙРУКТАРЫ»
Керектелүүчү азыктар:

  • Тоок эти – 500 грамм
  • Болгар калемпири – 2-3 даана
  • Сыр – 200 грамм
  • Суу май – 200 грамм
  • Туз, мурч татымына жараша

Жасоо ыкмасы:

  1. Тоок этин өтө чоң эмес бөлүктөргө бөлүп алыңыз да, ага туз, калемпир сээп тыныктырып коюңуз.
  2. Болгар калемпирин жана сырды узун, ичке кылып кесиңиз.
  3. Эми ар бир кесим эттин ортосун бычак менен тилип, оюк жасоо керек.
  4. Оюктардын ичине калемпир менен сырды саласыз.
  5. Аны алдын ала майланган көмөч казанга тизип, ысык мешке 20-25 мүнөт бышырыңыз.

ЫГЫНА КАРАП КОЛДОНУҢУЗ
Туздап алыңыз
Алдын ала жуулуп, уругунан арылган калемпирдин ар биринин ичине 2 аш кашык туз салып, сыртынан жусай менен ороп идишке туурасынан тизиңиз. Үстүнөн оор нерсе менен бастырып, салкын жерде сактаңыз.


Кургатып алыңыз
Майдаланган кызыл калемпирди сатып албастан, колго даярдагыңыз келсе, өзүңүз кургатып, талкалап алсаңыз болот. Ал үчүн калемпирдин ачуу сортторун тандап алып, кадимки жипке шурудай кылып тизип илип коюңуз. Кургаган соң аны талкалап, идишке чогултуп аласыз.


Кооздук үчүн колдонуңуз
Салат же тамакты тарелкага салган соң аны калемпирдин тилимдери менен кооздоп койсоңуз болот.

 

ООЗДУН ЖАНА КОЛДУН ДУУЛДАГАНЫН БАСУУ
Ооз дуулдап күйсө...

  • Калемпир жеп алып оозуңуз дуулдаса муздак сүт, каймак же йогурт ууртап коюңуз. Сүт азыктары ачуу даамдын себепкери болгон капсаицинди жок кыла алат.
  • Эл ичинде кеңири колдонулуп келген ыкма. Бадыраң, туз же бал жеп коюу керек.

Колуңуз ачышса...

  • Көп кармагандын кесепетинен колуңуз дуулдап чыкса, тузду нымдап, аны менен колуңузду сүртө салыңыз. Андан кийин самындап муздак сууга чайкоо керек. Эгер ага да болбосо, муздак сүткө, андан кийин алкоголь ичимдигине малып туруу сунушталат.
  • Элдик медицинага кайрылсак, бадыраңдын кесимдери менен колду жаап туруу керек.

Көзгө кирсе...

  • Эгер калемпирдин упадай майдасы көзүңүзгө кирип кетсе, дароо сүткө малынган кебез менен көздүн кычыгын көздөй (мурун тараптагы) сүртүү зарыл. Себеби кычыктагы эт калемпирдин жана сүттүн көздүн ичкери жагына кирип кетүүсүнөн коргойт.
  • Сүт жок болуп калса, кебезди чайдын чамасына малып пайдалансаңыз да болот.
  • Жогорудагы ыкмаларды колдонуп көздүн ачышканын басаңдатып алган соң сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
danilka
2013-07-15 14:38:07
Чачты канти остурот экен, чач жонундо соз болбоптурго, кантип даярдаларын жазып койсонуздар жакшы болот элен.
+2
nasik198
2013-07-18 09:42:23
danilka, калемпирдеги А витамини чачты остурот экен
0
asil-08
2013-07-16 14:39:11
рахма жакшы кенештер экен
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан