Бир мезгилдерде «Апакем, апакем, кадырлуусуң дайым сен. Эгер азыр сен болсоң, ак сүтүңдү актаар элем азыр мен...» деген ырды укканда баарынын көзүнөн жаш кылгырчу. Ырдын автору Топчубай Айтмаматов ырынын тарыхы, жеке жашоосу тууралуу маек куруп берди.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1974-жыл, 16-декабрь
Туулган жери – Ош облусунун Ноокат районундагы Шаң-Кол айылы
Билими – Ош гуманитардык- педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган
– Саламатсызбы, алгач көп жылдык тыныгуудан кийинки чыгармачылыгыңыз тууралуу айтсаңыз.
– Саламатчылык, туура, чындыгында эле чыгармачылыкта тыныгуу болуп калды. Мурда «Жаштык» деген топ менен чыгып жүргөм. Азыр ал топтогу курам башка адамдар менен толукталып, жаңыртылды.
1996-жылдары «Жаштык» тобу менен биргеликте «Апакемди эскерем» аттуу ыр жыйнагым чыккан. Ал мезгилде угармандарыбыз биздин жүзүбүздү таанышчу эмес. Ырларыбызды радиодон, кассеталардан гана угушчу. Кийин ырлар калкка жакшы сиңе баштаганда жыл сайын Бишкекте концерт койчубуз. Акыркы жолу 2004-жылы концерт берип, топ тарап кетти. Арадан 9 жыл өтүп, эми минтип эл менен жүз көрүшүп, кайрадан чыгармачылыкка бел байлап турган кезибиз.
– Чыгармачылыкка кайтып келиптирсиз, сизден кандай өзгөчөлүктөрдү күтсөк болот?
– Репертуарымда 40тан ашык ыр бар. Жакында «Атакем» деген ырыма клип тарттырдым. Азыр монтаждоо иштери жүрүп жатат. Атам каза болуп калгандыгына байланыштуу анын ролун жакыныраак агаларым аткарды. Ата-энени көзү тирүү мезгилде сыйлаганга эмне жетсин. Азыр концерт коюп барып калсам, кай жерде болбосун, алдыңкы 4 орунду апаларга арнап акысыз кыламын. Азырынча мендеги өзгөчөлүктөр ушулар.
– Сизди көпчүлүк «Апакемди эскерем» аттуу ырыңыздан улам таанып-билип калышты, ушул ыр боюнча да токтоло кетсеңиз...
– Бул ырдын сөзү-обону өзүмө таандык. Апам 37 жашында дүйнө салды. Ошого апамды эскерип чыгаргам. Ырда «небереңдин жытын жыттабай кеттиң» деген саптары бар эле. Аны уккан эл мени чоң адам деп элестеткен окшойт. Сахнага чыкканда мени көрүп таң калгандары да болгон.
– Эми кеп нугун сүйүү темасына буралы, сүйүүгө кабылып ыр жараткансыз да...
– (Күлүп) Мен кыздарга арнап ыр жарата берип, кыздардын аты калбады окшойт. Анан ошол кыздардын атынан турган ырларымдын темаларын топтоп «Мен кимге үйлөнөм?» деген ыр да жараткам:
Аида деп ырдадым,
Гүлзина деп сыздадым.
Айзиректи капалантып,
Ак дилимде кыйналдым.
Ал эми келинчегим Минура – чыныгы сүйүүм. Учурда келинчегиме арнап «Жубайыма» деген ыр жаздырып, ошонун үстүндө иштеп жатам.
– Чыныгы сүйүү демекчи, келинчегиңиз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Келинчегим Минура Ноокаттын Россия деген айылынан болот. Мен алардын мектебине концерт коюп барган элем. Концерттен кийин мектептин залына жогорку класстын окуучулары үчүн бий кечесин да уюштурчубуз. Ошол күнү досум мага кыздарды көргөзүп жаткан. Мен болсо өзүмө жакканын көрсөтсөм, ал досумдун карындашы болуп жатпайбы. Ал кезде Минура 9-класста окучу. Кийин Минуранын айылынан ким менен таанышсам, «Минураны тааныйсыңбы, салам айтып койчу» деп салам айттыра берер элем. Ал мектепти бүткөнчө бир да жолу сүйлөшкөн жокпуз. Кийин мен үйлөнө турган мезгилде гана барып, өзү менен сүйлөшүп, ата-энемди жөнөтүп, кыргыздын салты менен баш кошконбуз. Учурда Аяна, Айжана аттуу эки кыздын ата-энесибиз.
– Алдыда кандай пландарыңыз бар?
– Чыгармачылыкка катуу киришкен мезгилим. Ырдаган адамга студия, аппаратура деген нерселер абдан зарыл экен. Мен да студия ачып, аппаратуралуу болдум. Өзүмө жакшы шарт түзүп алдым. Жакында эле бир радиого интервью бергени барсам, «Биз жакка качан келесиз, концерт коюп?» деп сурап калышты. Кубандым, элдин эсинде экенмин деп.
– Маегиңизге рахмат.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg