ВЕЛОСИПЕД МЕНЕН БАЛМУЗДАК ҮЧҮН ЗОРДУКТАЛГАН 5 ЖАШАР КЫЗДЫН ТАГДЫРЫ

«Жүрү, велосипед тептирем, балмуздак алып берем...» Бул сөздү уккан ар бир наристеге бакыт конот. Бирок ушул сөздөр кайсы бир учурда анын тагдырын талкалаганга түрткү болорун бейкүнөө балдар кайдан билсин?..

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ МУРДА ДА СОТТОЛГОН»
Ош шаардык жана облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Замир Сыдыков «Ош шаарында 5 жашар кызды зордуктоо кылмышы катталды» деп билдирди. Бул окуя туурасында так маалымат алуу үчүн Ош ШИИББинин тергөө бөлүмүнүн майору АЛМАЗБЕК КАДЫРОВГО кайрылдык:
– Үстүбүздөгү жылдын 6-июль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылынын тургуну М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2007-жылы туулган Б.Н. аттуу кызына белгисиз бирөө сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы туурасында билдирген.
Ошол эле күнү ыкчам иликтөө иштерин жүргүздүк. Окуя болгон жерге кароо жүргүзгөндө наристе кыздын бут кийиминин бир түгөйү жана кочкул кызыл түстөгү кан тактары бар ич кийими табылды. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу кыздын көрсөтмөсү менен шектүү катары ошол эле көп кабаттуу үйдө жашаган, 1990-жылдын 23-февралында туулган орус улутундагы А.В.Лазерев аттуу жаран кармалды. Ал өзүнүн күнөөсүн биринчи эле суракта мойнуна алды.
Кылмышка шектүү 5-июль күнү саат 21:30 чамасында өзү жашаган үйдүн жанында ойноп жүргөн кызды «балмуздак алып берем» деп алдап, аны үйдүн жер төлөсүнө алып түшкөн. Андан соң адам жийиркене тургандай иш жасап, сол колунун манжасы менен кыздын жыныс органына залал келтирген.
Бул факты боюнча ошол эле күнү анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголду. Кыздын денесине канчалык деңгээлде жаракат алып келгени туурасында тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар тапшырылды. Шектүүнүн колунун тырмактары алынып, тийиштүү биологиялык экспертизадан өткөрүлдү.
2013-жылдын 8-июль күнү Ош шаардык соту тарабынан шектүү катары кармалган А.В.Лазерев 2013-жылдын 4-сентябрына чейинки 2 айлык мөөнөт менен камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүүнүн мурда соттолуп чыкканы аныкталды.

«КЫЗ ӨЗҮ АРТЫМДАН КИРИП КЕЛДИ»
Убактылуу камакта жаткан кылмышка шектүү А.В.ЛАЗЕРЕВ күнөөсүн мойнуна алып, окуяны төмөндөгүчө айтып берди:
– Мен мындай болушун каалаган эмесмин. Ал күнү кечке иштегем. Кечинде үйдүн жанында велосипед тээп, өзүм жашаган үйдү айланып жүргөм. Үйдү экинчи ирет айланып келгенимде бир кичинекей кыз «ага, мага да тептириңизчи» деди. Велосипеддин артына отургузуп, эки жолу айланттым да, түшүрүп койдум.
Андан соң өзүм дагы бир ирет айланып келсем тиги кыз «дагы тептириңизчи» деп туруп алды. «Жок, караңгы кирип калды, үйүңө бар» десем болбой койду. Анан мен велосипедди жер төлөгө койгону кирсем артымдан ал да кирип барды. «Бар чык, балмуздак алып берем» деп айттым. Ал чыкпады. Анан ошол жерден мен ага кызыгып кеттим. Анын жыныстык органына манжамды гана салып көргөм. Кыйкырып, ыйлап жибергенинен текшерип көрүү үчүн анын ич кийимин чечип алдым. Ал ыйлаган боюнча качып кеткен болчу.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУ ДАЛЕ ШОК АБАЛЫНДА»
Ош ШИИББинин Сулайман тоо аймактык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам иликтөө кызматкери, милициянын ага лейтенанты Рысалы Сарыев жогорудагы кылмыштын бетин ачкан. Аны менен биргеликте окуя болгон жерге бардык.
Жабырлануучу кыздын абалы тууралуу тергөөчү Алмазбек Кадыров: «Жабырлануучу наристе болгондуктан, дагы эле шок абалда. Алардын тынчын албайлы»,- деди. Ошондуктан жабырлануучу тараптан окуя тууралуу биле албадык. Ал эми кошуналары А.В.Лазеревдин үйүндөгү жагымсыз окуялар тынчтык бербей келгенин, алардын үстүнөн мурда бир нече жолу милиция кызматкерлерине арызданышканын айтышты. Жогорудагы окуя болгондон кийин А.В.Лазеревдин жарандык никедеги өзүнөн 16 жаш улуу аялын баласы менен кошуналары кууп жиберишкен экен. Ал эми оозунан эне сүтү кете элек наристе кыздын тагдырын бир мүнөттүк аңгилик үчүн талкалаган кылмышкерге эки дүйнөдө орун жок дегим келет.

Акыркы учурларда өспүрүмдөргө сексуалдык зомбулук көрсөткөн педофилдер көбөйүп баратат. «Бул кылмышты кандай жол менен азайтсак болот?» деген суроого коомчулук жооп таба албай келет. Балким, педофилдерге карата күчөтүлгөн жаза колдонсок, мындай көрүнүш токтомок беле деген ой туулат...

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (74)
Virtual
2013-07-17 20:11:07
ОООООй тобо 5 жашар кызды а кантип колу барды ушундай ишке акмак десе атып салыш керек буну бул турмодон чыкпайт турмодо буну аябай кыйнайт турмонун дагы закону бар чечимди алар чыгарат бирок аман чыгат деб ойлобойм!
0
saltanat.
2013-07-17 22:58:49
Кызыгып кетпей жерге киргир!!
+1
cool Nka
2013-07-18 23:08:06
уууужаас, элдер емне болуп баратышат. дагы уялбай озу келди дегендечи. ушундай коркунучтуу кебетесин коруп ким келмек еле буга. о
0
kanykei_88kg
2013-07-19 00:04:36
Олум жазасын бериш керек
0
mirkg83
2013-07-19 05:51:07
Супер инфо силер ушун ушуга окшогон окуяларды ото коп жазасынар бирок буга окшогон окуядан кийин катуу жаза алгандар бар да(жок дегенде 20 пайызы) ошолор жонундо да жазсанар. Себеби маалымат тарасын арты кандай болоору жонундо.
0
admin_media
2013-07-19 09:57:59
mirkg83,
Саламатсызбы!
Сунущуңузга рахмат, тийиштүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
0
kgz.kkk
2013-07-19 19:15:55
Аллах озу жазаласын мындай адамдарды
0
askat-90
2013-07-20 03:11:59
Ушундайларды окусам...уфффф . Биз ызылдаганыбыз м.н эч нерсе чечеалбайбыз,тетиги кресло талашкан депутаттар желекти алмаштырабыз,борбордун атын алмаштырабыз деп жинге тиесинер.ушундай курч маселе жонундо ойлонбойсунарбы,кучотулгон жазаларды бербейсинерби ушу педофилдерге!!!
0
vikarus
2013-07-20 11:57:52
Кудайдын ыйык күнү жакындап калганда ушул ишти кылган акмака өлүмдөн башка жаза жокко дейм.Адамдар абдан мыкаачы болуп баратат
0
rozka
2013-07-20 14:39:11
Жазасын алсын эртераак. Атып олтурсо дагы оной жаза болот
0
fialka_90
2013-07-20 14:58:57
Бул акмактын кызыккан жерин тугунон кесип салыш керек
0
adonis98
2013-07-21 02:32:37
Мындайларды муздап салыш керек кыргыздын. намысын тебелегендерди
0
bakaika
2013-07-21 14:44:45
Бул окуя кыргызстанда биринчи жолкусу эмес, мен коп окудум, бирок тилекке каршы биздин улуу урматтуу чиновниктерибиздин кылдары кыйшайып койгон жок. Ошон учун урматтуу ата-энелер балдарынарды кочодо жалгыз калтырбагыла. УШУЛ ОКУЯ БААРЫБЫЗГА САБАК БОЛСУН!
0
mr_aminov
2013-07-21 21:13:52
Мындайларды ошол мучосунон асып олтуруш керек. Биздин депутаттар мындай окуяларга убакытда короткусу келбейт. Мындай окуя ошол депутаттардын башына тушпойунчо алар тушунбойт. Мен ойлойм мындайларга айыл аксалалдары оздору эле жазлап койсо болот же болбосо ошол эле жердин жаштары элдин козунчо бычып салса же олум жазасына тартса болот.
0
Akyltai
2014-02-22 16:29:29
Мындай айбандарды кыйнап олтуруш керек турулой
0
shkolad87
2014-06-30 02:43:00
жазасын алыш керек сөзсүз эмне учун кыргызстанда орус улуту чуу салат я
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан