Ар бир адамдын жашоосундагы эң жоопкерчиликтүү кадам бул – келечектеги кесибин тандоо. Ошентсе да айрымдар тандаган кесиби менен эмес, жашоо шартка, өз кызыкчылыгына жараша башка адистик боюнча иштеп келишет. Мындай жагдай эл оозуна алынып калган адамдарда да кездешет.
АБДЫЛДА – БАЛ ААРЫЧЫ
Эгер Абдылда Иманкулов куудул болбогондо, анда бал челекчи болмок. Тагыраак айтканда, ызылдатып бал аарыларды багып, көбөйтүп, учурда Бишкек-Ош жолунда «таза бал, таза асел алгыла» деп отурмак экен курсакты сылап коюп. Анткени куудул агабыз 1980-жылы эле бул тармак боюнча билим алууга жетишкен. Кызыгы, өз кесиби менен такыр иштеп көрбөптүр.
Бул боюнча куудул «эгер мен бул кесипти тандабасам, ата-энем мени борборго жибермек эмес. Эң негизги максатым – эптеп шаарга кетүү эле. ЖОЖдордун бирин деле тандасам болмок. Чынында, ал кездеги жаштарда, өзгөчө менде бет бар экен. Дегеним, «3» алган бүтүрүүчү жогорку окуу жайына тапшыруудан уялчу. Ары мектепти аяктап жатканымда химиядан берген эжем алдымдан чыгып, «Абдылда, сен өзүңдүн абалыңды билесиң да, ээ?» деди эле, «ооба» дедим башымды шылкыйтып. «Макул, мен сага «5» коюп берейин, бирок сен кийин мени уят кылып жогорку окуу жайга тапшырбагын, сен артист эле бол» деген. «Макул» деген сөзүмө туруп, окууга тапшырбай, артист болдум. Менин колумдан артисттиктен башка эч нерсе келбейт. Бал аары да бага албайм. Күндүн ысыгында иштемек тургай, эшикке чыга албайм» дейт.
ГҮЛНУР – КОНДИТЕР
Гүлнур Сатылганова эжекебиз бир кезде «элибизге мейман келсе, жайылат ак дасторкон» деп бекеринен ырдабаптыр. Көрсө, ырчы айымдын алгачкы кесиби кондитер тура. Ал бул кесипке ээ болушуна атасынын «ырчылык да кесиппи? Андан көрө аялзатына ылайыктуу кесип танда» деген сунушу түрткү болгонун жашырбайт. Окуусун аяктап, мына-мына нан бышыруу цехине жөнөйм деп турганда капысынан «Миң кыял» ансамблинин жетекчисинен ыр кесеге катышуу сунушун алган ырчы ушул күнгө чейин чыгармачылыктын казанында кайнап, элге мукамдуу ырларын тартуулап келет.
Эгер эжекебиз ырчы эмес, кондитер болсо эмне болмок? Анда түркүн таттууларды тартуулап, «6-даражадагы кондитер» наамына ээ болуп, атактуу кондитерлердин катарын толуктамак.
ЖАМБЫЛ – МУГАЛИМ
Эмнеге Жамбыл Камчиев орусчаны катырып сүйлөйт десе, көрсө, куудул Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүн аяктаптыр. Эгер куудул мугалим болсо кандай агай болмок, элестетип көрөлү.
Класс. Досканын үстүндө Лениндин эмес, Жамбылдын сүрөтү илинүү. Эгер Камчиев агай болсо башка предметтердин мугалимдеринин кереги деле жок болчудай. Дегеним, окуучуларга өз предмети боюнча гана эмес, саясатты, эротиканы, деги койчу турмуштагы бардык жагдайларды айтып, түшүндүрүп, эринбестен ар бир окуучунун суроосуна жооп бермек.
Кесиби мугалим болгону менен, мектепте 1 күн да иштебеген куудул өзү да ушинтип элестетет экен. «Алган дипломум алган боюнча сандыкта. Окуу жайды аяктаарым менен Шамшыбек Өтөбаевдин «Назик» тобуна конферансье болуп ишке орношком. Тагыраак айтканда, номерлердин ортосунда элге ыр-күлкү, ар кандай фокустарды көрсөтчүмүн. Ошентип жүрүп эле сахна мени тушап алды. Эгер мугалим болсом, бул кезге чейин ашып кетсе 2000-3000 окуучуну гана тарбияламакмын. Учурда мен жалпы кыргыз элине күлкү тартуулайм»,- дейт.
ЭЛИЗА – ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДАН КОРГООЧУ
Эгер телеалпаруучу Элиза Кененбаева өз кесиби менен иштесе, анда колуна микрофон кармап теледе эмес, рация көтөрүп, башына каска кийип тоо-ташты аралап жүрмөк. Өлкөбүздө болуп жаткан сел, жер титирөө, кар көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын, кооптуу аймактардын алдын алып, аныктап, кырсыктардын санын алда канча азайтса керек эле. Биз Элиза тууралуу ушундай кыялга жетелендик. А Элизачы?
«Өз адистигимди кызыл диплом менен аяктагам. Ошентсе да дипломум учурда эс алууда. Анткени мен студент кезимден эле ди-джей, андан кийин телеалпаруучулукту аркалап, чыгармачылыктын тузун татып калбадымбы. Азырынча өзгөчө кырдаалдардан коргоо адистигине кетүү тууралуу ойлоно элекмин»,- дейт.
Дамира Арстанова
star@super.kg