СПОРТ ОРДОСУНУН ЭСКИ ДУБАЛДАРЫ ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАДЫ

3-8-июль күндөрү Бишкекте оор атлетика боюнча жаштар жана чеберлер арасында Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. 14 өлкөдөн 100дөй спортчу катышкан бул спорттук иш-чара баягы эле Спорт Ордосунда өттү.

КОНОКТОР ТАҢ КАЛЫП...
Мындан 4 жыл мурун Москваны шылдыңдаган ыр чыккан. Анда «бизде Атабеков...» деген сөздөр айтылып, белгилүү орус телеканалдарында да талкууланганы эсиңизде болсо керек. Чынында эле ушундай, ал жакта «Спартак» бар, бизде Кожомкул атындагы Спорт Ордосу. Ал жакта Кремль бар, бизде Кожомкул атындагы Спорт Ордосу. Концерттер, кайрымдуулук фонддору уюштурган акциялар, спорттук мелдештер, атүгүл соттук отурумдар да ушул имаратта өтөт.
Бул ирет биздин атактуу Спорт Ордобуздун сахнасында штангалар ыргытылып, дубалынын жарамдуулугу текшерилди десек болот. Мындай ири мелдешти өткөрө турган башка жай жок болгондуктан, Спорт Ордосунун сахнасы бир сыйра оңдоп-түзөөдөн өттү. Кытай, корей улутундагы спортчулар Спорт Ордосуна таң кала көз жүгүртүп жатканын көрүп менде «кандай ойдо калышты экен?..» деген суроо, түйшөлүү жаралды. Бирок мелдеш соңунда Оор атлетика федерациясынын Азия аймагы боюнча биринчи катчысы Али Муради «мен бул жакка келе жатканда даярдык, уюштуруу начар деп ойлогом. Бирок мелдеш мыкты деңгээлде өттү» деди.

ООР АТЛЕТИКАДА КАЗАКТАРГА ТЕҢ ЖОК
Мелдештин өзүнө токтолсок, оор атлетика боюнча мындай ири мелдеш Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Мелдештин жөнөкөй эмес экендиги командалардын күчтүү курамынан байкалып турду. Атаандаштык көп учурда кытайлык жана казакстандык спортчулар арасында жүрүп жатты. Дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештердин бардыгында алдыңкы сапта турган кытайлыктар менен атаандашып, медалдык эсепте алардан ашып түшкөн Казакстан командасы бардык келген күйөрмандардын суктануусун жаратты. Буга чейинки Казакстан оор атлеттери «Лондон-2012» Олимпиадасында жараткан ийгиликтери кокустук эмес экендигин жаш спортчулары далилдешти. Бул казак өкмөтү спортчуларга жетиштүү түрдө колдоо көрсөтөрүн билдирет.

БИЗ ЖАЛГЫЗ АЛТЫН МЕНЕН ЧЕКТЕЛДИК
Ал эми биздин спортчулардан мелдештин акыркы күнүндө Алексей Долгалёв (105 килограмм салмакта, сүрөттөгү) алтын тагынып намысты сактап калды. Ага чейин Сыргак Абдраманов (62 кг) менен Аделя Байызова (69 кг) жулкуп көтөрүүдө бирден кичи күмүш жана коло тагынган болчу. Жалпы медалдык эсепте Кыргызстан 1 алтын менен 6-орунда калды. Спортчулардын мындай көрсөткүчүн жакшы деп айтканга болбойт.
Жалпысынан алганда кандай гана жыйынтык болбосун мындай ири мелдештин өтүүсү кыргыз оор атлетикасынын өнүгүүсүнө чоң кадам болду. Спортто колдоо жана түзүлгөн шарттар жеңиштин алгачкы кадамдары болуп саналат. Ошондуктан коңшу өлкөлөргө атаандаштык жаратууну кааласак, мамлекет спортко болгон колдоону күчөтүү зарыл. «Эшигин көрүп төрүнө өт» деген жакшы сөз бар эмеспи. Мейли, эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдеш өткөрүүчү бир имарат сала албасак да, жок дегенде Кожомкул атындагы Спорт Сарайын оңдоп-түзөп, чет өлкөлүктөрдөн уялбай тургандай кылып жасап койсок эмне?  

Максат Кудайбердиев,
Айбала Эргешов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
antivir
2013-07-20 13:48:48
аларда Билан болсо, бизде Долгалёв)))
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан