– Күйөөм экөөбүздүн баш кошуп жашап келатканыбызга 35 жыл болду. 2 кыз, 2 уулду чоңойттук. Эл катары айылда жашоо өткөрүп, мал багып, эгин эгип күн кечирип жатканбыз. Анан эле жашоомо бүлүк түштү. Балээнин баары мындан 4 жыл мурун башталды.
Мен ооруп калдым. Врачтар «ооруң катуу, үзбөй дарыланышың керек» дешкенинен шаардагы улуу кызымдыкына келип, дарыланып жүрдүм. Улуу балам да шаарда жашагандыктан, айылда күйөөм менен мектепте окуган кызым, балам калды. Арадан 3 ай өткөндө үйгө барсам, жаңы идиштеримдин кээ бири жок. Сурасам баары «билбейбиз» дешти. Таң каларлык иш болду.
1 айча эс алып, ооруканага кайра жаттым. 2 айдай дарыланып, үйгө барсам, эми кийимдеримдин кээ бири жок. Сурасам дагы эле «билбейбиз» деген жооп. «Үйгө ууру кирип жатабы?» деп коём өзүмчө. Ошентип, убак-убагы менен шаарга барып дарыланып, кайра үйгө келип эс алуу менен убакыт өтүп жатты. Ар барган сайын буюмдарымдын, жер төлөдөгү кыям дегендердин да жоголгонун байкайм. Баарынан да торпоктун жоголгонуна ичим ачышты.
Бир жолу айылга келип, үйдө жаткам. Көзүм илинип баратканда сырттан эки адамдын сүйлөшкөн сөздөрү угулду. Тыңшасам бири биздин көчөдө жашаган жесир аялдын, экинчиси менин күйөөмдүн үнү.
– Аялым уктай элек болуш керек, ананыраак келчи.
– Макул, бирок мени унутуп уктап калба! Баягыдай кылып жер төлөдөгү картошкаңдан жарым кап, анан кыямдан ала чык, макулбу?
– Сатып албайсыңбы? Өткөндө берген торпоктун акчасы түгөндүбү?
– Ооба да, майрам болбодубу.
– Ии, мейличи...
Ушул сөздөрдү угуп «күйөөм мен жокто ойнош таап алган турбайбы» дедим. Баягы жоголгон буюмдарды дал ушул аялга ташып жүрүптүр, көрсө! Торпокту да жоголду деген болуп сатып, акчасын берген экен ошого. Ызага муунуп, абдан жаман болдум. Мынча болду аягына чейин аңдыйын буларды дедим. Күйөөм үйгө кирип жарыкты жандырып, мени уктап жатат окшойт деп кайра өчүрүп, ашканага кетти.
Бир убакта сыртка чыгып кетип жок болду. Акырын туруп терезеден сыртты карап, экөөнүн чарпаяда жатканын көрдүм. Көргөн көзүмө ишенбей, катып калдым. Ушунча жыл жашаган күйөөмдүн башымды аттаганы, болгондо да эшик алдында башка менен жатып алганы зээнимди кейитти. Араң турган жаным бир жарылдым. Күйөөм алгач менден кечирим сурап, эптеп жоошутуунун камын көрүп жаткан. Тиги аял уялгандын ордуна «Билсең, күйөөң мени сүйөт. Мени багып келатат. Сен оорукчан бирөөсүң да!» деди. Уруш ырбап, тиги аял качып кетти. Ошол ачуум менен күйөөмдү үйдөн кубалап чыктым. Кыздарым да, балдарым да баарын угушту. Бирок жаман да болсо атасы экен, «Элге не дейбиз?» деп кайра алып келип алышты. Ошондон кийин күйөөмдүн бары-жогу баары бир болуп калды.
Адатын таштаган жок. Мен шаарда жүргөндө ал тигиниси менен айылда шапар тебет (муну айылдагылар мага жеткизет). Айылга барсам, шаарга качат. Кыскасы, эптеп мага бет келбөөнүн амалын кылат. Кокус бет келип калсак, уруш чыгат. Ушинтип күн өткөрүп келебиз. Үйдөн береке кетип, мал азайып, балдарыма жаман болду. Ажырашайын десем пайгамбар жашка барып калдык, ажырашпайын десем кылганы бул. Мүмкүн, ушуну окуса үй-бүлөсүнө жарака кетирген, жүрөктү ооруткан кандай болорун билер, жаман жоругун тыяр дедим. Же туура эмес кылып жатамбы?
Айжаркын, Нарын
«КАРЫГАНДА ДА КҮЙӨӨГӨ СҮЙКҮМДҮҮ БОЛУУГА АРАКЕТ ЖАСОО КЕРЕК»
– Бул турмушта телегейи тегиз адам жок. Бирок жолдошуңуздун ушул жашка келип мындай жорукту жасаганы, албетте, туура эмес. Өзүн болбосо да, үй-бүлөнү сыйлашы керек болчу. Ошентсе да талдап көрөлү.
Эже, ар бир адам тагдырына жараша кандайдыр бир сыноодон өтөт. Кээ бири жаш кезинде, дагы бири улгайганда, кыскасы, сыноо жашка карабайт. Сиз азыр сынактан өтүп жатасыз. Эгер жолдошуңузга болгон таарынычты күчөтүп, ачуулансаңыз, анда жан дүйнөңүз ого бетер булганып, ден соолугуңуз начарлай берет.
Эмне үчүн жолдошуңуз башкага көңүл буруп кетти? Ушуну ойлонуп көрдүңүзбү? Балким, экөөңүздөрдүн ортодо жылуулук сезим жоктур? Сүйүү – эки адамдын ортосундагы очоктогу от сыяктуу мамиле. Эгер отту өчүрбөөгө аракет кылбаса, анда ал өчөт. Ал эми очокту аялдар кармайт. Картайганда да күйөөгө жагымдуу, сүйкүмдүү болууга аракет жасоо керек.
Эркек адам эч качан балдар менен байланып калбайт. Эгер аял аны аял катары тартпаса, аялдык парзын аткарбаса, эркек башкаларды издейт. Андыктан өзүңүзгө көңүл буруңуз. Күйөөңүз менен жашасаңыз, аны кечирүүгө аракет жасап, ага болгон мамилеңизди оңдоңуз. Ооба, кечирүү оңой эмес, бирок аны кечирбесеңиз, жан дүйнөңүз оңолбогон бойдон калып, өзүңүзгө кыйын болот.
Жолдошуңуз да ажырашпагандан кийин жаман кыял-жоругун тыйып, үй-бүлө очогун жандандырууну көздөөсү кажет. Ата деген статусун актоого аракет жасоосу зарыл.
Каармандарыбызга «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп берди.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg