– «Башкалар бир күйөөгө жете албай жүрсө, мунун эки күйөөсү бар экен» деп баш чайкап жатасызбы? Бирок турмуш чындыгы ушундай, мен өзүм каалаган эмесмин...
Бой жетип, окууну бүткөндө сүйлөшкөн жигитим Муратка баш коштум. Убакыт өтүп, ортодогу 3 балабыз да чоңоюп, чоңураак ичип-жеп баштагандан тартып жашообуз оорлоду. Айласыздан күйөөм Казакстанга иштеп акча таап келүүгө кетти. Мен да майда-чүйдө сатып, анча-мынча акча таба баштадым. Алгачкы убактарда акчаны үзбөй салып, бала-чаканы сурап жүргөн күйөөм бара-бара чалганын да, акча салганын да азайтты. Жумушуна жараша акчасы азайган окшойт деп жүрдүм. Арадан бир жарым жыл өтсө да, айылга келбеди. Чалып сураганда «биротоло барайын, келип-кеткенге деле көп акча кетет» дегенинен анысын туура көрдүм.
Кеткенине 2 жылдан ашканда күйөөм тууралуу түрдүү кептер мага жете баштады. Көрсө, күйөөм төрөбөгөндүктөн күйөөсү менен ажырашкан бир аял менен бирге жашап алыптыр. Алгач укканда «аялынан алыс жүргөн неме эркектик кылып коюптур да, бала-чакасы турса кайда бармак» деп өзүмдү жооткоттум. Чалып бул тууралуу сурасам жакын жолотподу. Жолдошума «Баарын жыйыштыр да, кайтып келе бер. Бул жактан эле эптеп жашоо кыларбыз» дедим. Бирок ал кайтып келбеди, шылтоосу «дагы акча топтоп, анан келем» болду.
Убакыт өтүп, күйөөм акырында телефондон мени менен ажыраша турганын, эми келбестигин билдирди. Көз жашымды агызып, үч баламды кучактап кала бердим. Жарытылуу жумуш жок, кыйнала баштадым. Ошол кезде жашоомдо бир эркек пайда болду. Ал менин эски таанышым эле, аялы каза болуп, 2 баласы менен калыптыр. Мага колунан келген жардамын көрсөттү. Убакыт өтүп, ага кантип байланып калганымды билбейм. Ачыкка чыкпай, бирок нике кыйдырып, жашыруун жашай баштадык...
Эми минтип жай турмушум кайра бузулду. Анткени биринчи күйөөм келип, мени менен жарашууну сунуштоодо. Мен эмне кыларымды билбейм. Күйөөмдөн көңүлүм калды, бирок аны менен жарашпайын десем, 3 баламдын атасы. Экинчи күйөөмдү таштайын десем, түшүнүктүү жан, анын үстүнө жакшылыктарын унутуп басып кетүү оор. Кимиси менен калам? Башым катты...
Эка, 34 жашта, Талас
«КҮЙӨӨҢДҮ КЕЧИРЕ АЛБАСАҢ, АНЫ МЕНЕН ЖАШАЙ АЛБАЙСЫҢ»
– Эка, мындай учурда кеңеш берүүгө мүмкүн эмес. Айланадагы кеңешчилерди да укпа. Анткени бул сенин жеке жашооң, баары өз колуңда. Жан дүйнөңдү тыңшап, угуп, акыл менен эмес, жүрөгүң менен чечим кабыл ал. Балдардын өз турмушу бар. Жакын арада чоңоюп, өз алдынча жашоо курушат. Ал эми өзүң ким менен алдыдагы жашооңду өткөргүң келет? Биринчи күйөөңдү кечирдиңби? Эгер кечире албасаң, бирге жашап калган убакта жан дүйнөңдүн түпкүрүндө калган таарыныч убак-убагы менен козголуп, тагдырыңды уулантышы мүмкүн.
Бир барактын ортосун сызып экиге бөлүп, эки жагына экөөнүн атын жазып, алдына аларга таандык жакшы сапаттарын жазып чык. Бул да тандоодо жардам берет.
Каармандарыбызга «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп берди.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келет. Айрымдар сүйгөнүнөн айрылып жанын коёрго жер таппай, бирөөнүн кеңешин уккусу келет. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-27 номери аркылуу
берсеңиз болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg