РЕФОРМАДАН КИЙИН КАНЧА ЖОЖ ЖАБЫЛАТ?

Учурда миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрү университет эшигин жыртып, абитуриент деген статусун студентке айлантуу түйшүгү менен убара. Анын үстүнө жаз
айларында эле коомчулукта «Кыргызстанда 18 гана ЖОЖ калып, башкасы кыскарууга дуушар болот экен» деген кабар желдей тараган. Бул кеп чынбы же калппы, иликтөөгө алып көрдүк.

СТАТИСТИКА БОЮНЧА
Кыргызстанда жалпы жонунан 52 жогорку окуу жай бар болсо, анын ичинен 21и жеке менчикте. Мамлекеттин каржылоосундагы 31 окуу жайдын ичинен бешөөсү өзүн-өзү каржылоого өткөн. ЖОЖду аяктагандардын үчтөн бири гана жумушка орношот. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2012-2013-жылдагы окуу жылында орточо 230 миң студент билим алды, анын 120 миңи сырттан окуйт. Ал эми студенттер жылына 2 миллиард сом контракт төлөшөт.30 миллион калктуу Өзбекстанда мамлекет каржылаган жана жеке менчиги биригип 64 ЖОЖ,17 миллион эли менен Казакстанда 131 ЖОЖ, 8 миллион калкы бар, жашоо деңгээли бизден көп айырмаланбаган Тажикстанда 32 гана ЖОЖ бар.
Билим берүү сапаты алдыңкы саналган Англияда 63 миллионго чукул британиялыктар үчүн 250 ЖОЖ кызмат кылат.

КЫСКАРУУ КАЙДАН ЧЫКТЫ?
2005-2010-жылдагы Кыргызстандагы революциялардын негизги максаты – өлкөдө бардык тармакта реформа жүргүзүү болгон. Биринчисинин үмүтү акталбай, алгылыктуу реформа көрө алган эмеспиз. Экинчи революциянын өткөнүнө да 3 жыл болду, бирок мында да учурдагы бийлик аракеттер көрүлүп жаткандай түр көрсөтүшүүдө. Анын ичинде билим берүү тармагы да реформага суусап, жетер жерине жетип калган чекте. Жаз айларында Билим берүү жана илим министрлиги «ЖОЖдор көз карандысыз аккредитациядан өткөрүлөт жана анын жыйынтыгында өтпөй калган окуу жайлар бара-бара өздөрү жабылып калат» деп билдиришкен. Көз карандысыз аккредитация деген – эксперттерден турган комиссиялык топ.

ОКУМУШТУУНУН СЫНЫ
Үстүбүздөгү айдын башында Орусиядан келген экономика жана техника илимдеринин доктору, профессор Борис Райзберг Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында окуган лекциясында «Кыргызстан жогорку окуу жайлардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат» деп билдирди. Анын айтымында, өлкөбүздөгү 1 миллион кишиге 20 ЖОЖ туура келип, ал эми анын сапаты санына дал келбейт.

«РЕФОРМАЛАЙБЫЗ ДЕП БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМИНИН АШМАЛТАЙЫН ЧЫГАРЫШТЫ»
«ЖОЖдордун көп болгону туурабы?» деген суроого ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы, мурунку билим берүү министри КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВден мындай жооп алдык:
– Университеттер көп боло берсин. Бир гана лицензиялык аттестациялык талапты коюп, мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду бербей коюш керек. Реформалоо дегенде эле министрлик оптималдаштыруу деп баштады. Бул шылтоо менен окуу жайлардын баарын Бишкекке топтоонун аракетин көрүп жатышат. Аймактарда эмне үчүн ачылды эле? Алар борборго келип жашап-окууга кудурети жетпегендерге ачылган.
Реформа жасайбыз деп билим берүү системинин ашмалтайын чыгарышты. Министрликтин бул аракети жасалма кыскартуу болуп калбаса дейм.

«ЖОЖДОР ПРОФИЛДИК КАЛЫПКА ТҮШӨТ»
Билим берүү министрлигинен «эмне үчүн 18 университет калат, саны айтылган соң кайсы ЖОЖдор калары да анык турбайбы» деп кызыгып көрдүк. Буга министрликтин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси АБДЫМАНАП ЖОЛДОШЕВ жооп берди:
– ЖОЖдор такыр эле жабылып, кыскарат деген туура эмес. Профилине туура келбеген адистиктер жабылат. Мисалы, Раззаков атындагы техникалык университеттеги журналистика факультети жоюлду. Юридикалык академия юристтерди, БГУ гуманитардык багытта, КМКТАУ курулуш адистерин даярдап чыгарышса, КУУда гана ар кайсы тармактык факультеттер сакталып, ЖОЖдор профилдик калыпка түшөт. Профилине туура келбеген факультеттерге лицензия берүү токтотулгандан кийин алар өзүнөн өзү жабылып калышы мүмкүн. ЖОЖдорду аккредитациядан өткөрүү 2014-жылы пилоттук негизде башталып, 2015-жылы милдеттүү түрдө бардык ЖОЖдор анын системине өтөт.

«ӨТКӨӨЛ ДООР АЯКТАДЫ»
Президенттин атайын жарлыгынын негизинде былтыр коомдук эксперттик кеңеш түзүлгөн. Анын мүчөсү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, филология илимдеринин доктору ЗАМИРА ДЕРБИШЕВАдан кеңештин иш-аракети, жыйынтыгы боюнча сурадык:
– ЖОЖдордун көбөйүүсү убагында керектүү болгондур, биз андай өткөөл доордон басып өттүк. Мезгил өзү дипломуң болгон менен билимиң болбосо татыктуу жумуш таба албашыңды көрсөттү. Азыр жаштар «кайсы окуу жай мыкты билим берет?» деп издеп, тандап, талдап, чечим чыгара башташты. Коомдук эксперттик кеңеш ЖОЖдордун даражасын аныктоодо жети талап эске алынса деген сунуш киргиздик. Алар: Окуу жайлардын профессордук окутуучулук курамында белгилүү сандагы илимдин доктору, кандидаты, профессор, доценттер болушу керек; Студенттердин эл аралык олимпиадаларга барып жыйынтык көрсөтүүсү; Академиялык тазалык – окутуучулар диссертацияларды, студенттер дипломдук иштерди интернеттен көчүрүп, плагиат жасоосуна каршы күрөшүү сыяктуу пункттардан турган талаптар.

СОҢКУ СӨЗ
Президент Алмазбек Атамбаев ушул аптанын башында «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү кабыл алды. Анда билим берүү программалары менен жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына көз карандысыз аккредитациялоо институтун киргизүү, жогорку окуу жайларынын бир бөлүгүн өз алдынча каржылоо шарттарында иштеген мамлекеттик коммерциялык эмес жогорку окуу жайлары статусуна которуу каралат. Мыйзам жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн – 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Демек, абитуриенттердин кулагына күмүш сырга, эмдиги жылдан баштап ЖОЖдордун жоон тобу кыскарууга дуушар болушу ыктымал. Андыктан азыртадан тапшыра турган окуу жайыңардын билим берүү боюнча сапат-салабатына жакшылап көңүл бургула демекчибиз.

«Супердин» сурак бурчу
БИЗДЕГИ ОКУУ ЖАЙДЫН КӨПТҮГҮ МЕНЕН БИЛИМ САПАТЫ ТӨП КЕЛЕБИ?

Жаннатай Аманбекова, кассир, Баткен:
– Окуу жай менен билим сапаты тең келет деп айтуу кыйын. Жетишерлик деңгээлде билим бербей эле, бир адистиктин ээси кылып диплом берип жаткан ЖОЖдор толтура. Ошолордун санын кыскартып, берген билимине карап сапатсыз жогорку окуу жайларды жоюп салуу керек деп ойлойм.

Төрөбек Үрүстөмов, банкир, Талас:
– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ЖОЖдор абдан көп. Калыптанып калган, эптеп эле диплом алып, жогорку билимдүү деген атка конгон адистердин мээсинде эч нерсе жок. Мыкты окуган жаштар болсо учурда мыкты билимин чет жактарда колдонуп жүрүшөт. Алардын санын тезирээк кыскартуу керек.

Нурбек Жолборсов, коомдук бирикменин төрагасы, Жалал-Абад:
– ЖОЖдордогу билим деңгээлинин төмөндүгү баарыбызга маалым. Кызыгы, билим деңгээли төмөн экендигин ал тармактагы жетекчилер да моюнуна алгандыгында. Андыктан коомчулук да ушул маселеге көңүл бөлүп, жоопкер адамдардын чечкиндүү кадамга баруусуна үндөөбүз шарт.

Замир Божонов, ОшМУнун Тарбия департаментинин директору, Ош:
– Биздеги окуу жайдын көптүгү менен билимдин сапаты төп келбейт, себеби бизде ар кандай менчик, мамлекеттик окуу жайлар бар. Студенттердин да күнөөсү көп. Алар да «эртең кантип иштейм, берген контрагымды өндүрүп билим алып алайын» дешпейт.

Мамыш Субанов, айдоочу, Ысык-Көл:
– Менин төрт балам бар. Баары жогорку окуу жайын бүтүрүшкөн, бирок учурда бирөө дагы өзүнүн кесиби менен иштебейт. Байкуш ата-эне болгон акчасын балдарына санап берип отуруп калабыз. Диплом алып базарда отурушат. ЖОЖдордун саны эле бар, сапаты жок.

Нарынкүл Молдалиева, мугалим, Нарын:
Азыр окуу жайлардын саны өтө көп болуп кетти. Баарынын берген билим сапаты төмөн деп айтпайм, бирок арасынан көбүнчөсү сапатсыз билим берип, эптеп эле бүтүрүп жатышат. Менин оюмча, Кыргызстанга сапаттуу 10 гана окуу жай жетет.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Реформадан кийин канча ЖОЖ жабылат?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
ХАНЗАДА
2013-07-15 10:24:58
Кыскарса жакшы болмок, санын эмес, сапатын карап. Кыскаргандын ордуна ачылып эле атат, аны козомолдогон киши жок. Мен мисалы ЖОЖдон алган билимиме канааттанбайм. Акча десе эт=бетинен тушо калган окутуучулар менен урушуп журуп бутком. Жаш окутууучулардын баары мени жаман корушчу, оппозиция дешип. Башында балээ жок студенттерге дарс откон мугалимдерди ким тоготот? Наоборот катасын чукуй берчумун.
0
Aisuluu7
2013-07-15 10:41:16
Ханзада комент.жазып дагы озунду мактап да отупсун го?! Мен да колдойм, окуу жайлардын сапатту болгону жакшы.
0
ХАНЗАДА
2013-07-15 11:59:53
Мактанып эмес, мисал катары айтып атам. Башында балээ жок окутуучудан эмени аласын? Лекцияны интернеттен кочуруп келип студенттерге жаздырып койгон оной.
0
janet
2013-07-15 14:06:13
ОшГУну жаап салгылачы, мамлекеттик эмес коммерческий вуз болуп калды, ректорунан баштап вахтеруна чейин акчага кул болуп калышкан
0
bilgimkelet
2013-07-15 17:09:46
Urmattuu janet, bashkasy jabylsa dagy OshGU jabylbait, antkeni el aralyk dengeeldegi darajaga jetip kalgan.
0
Diamond09
2013-07-15 16:14:31
ЖАГУдагы мед фак, мед училищаларда жалан акча менен, жан алгычтар тарбияланып окуп жатышат, деп ошол медде окуган досум айткан эле.
0
Kg.lady
2013-07-15 20:24:12
Райондорго ачылган филиалдарга балээ барбы,окуунун баркын кетирип...)))Жалалабаддагы МУКту жаап салсада болот.Дарбанов деген ректордун акча тапчуу жайына айланып калган.....Озунчоле бизнестин туруно айлантып алышкан.Баласы,келини,карындашы,иниси,инисинин аялы,ойношу ойношунун досу кыскасы озунчоле мафия.....Ошол жерди окмот карап койсо жакшы болмок. Сессия учурунда базарга айланат,студент менен мугалимдер соодалашып......Окууга келбеген студентти окуудан айдайт,анан ректор озу олчойгон акча сура
0
nurik9090
2013-07-16 06:25:54
чынында жабыш керек кобун мен деле канаатанбайм алган билимиме акча дегенде олуп берет еле кураторум.
0
kara-koz
2013-07-22 11:56:06
эмне учун ОшГУ жабылыш керек!!!эч качан жабылбаш керек деп ойлойм!мен Ошгуда 4 курста окуйм ушул убакка чейин сессияны акча менен бутургон жокмун ар бир инсандын озунон зависит этет билим денгээлине карап!казанда болсо чомучко чыгат дегендей
0
kristall
2013-07-30 16:36:28
Апэээй, а акча бербей, бирок жеке менчик ЖОЖго отуп алгандар кантет? Кааап. Ойлонуш керек болуп калды го.
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан