Мирлан Баеков:«ӨЗҮН ЭЛИТА СЕЗГЕНДЕР МАГА ЖЕТИП АЛЫШСЫН»

Элге аты чыгып таанымал болгонуна үч жылдан ашканы менен, Мирлан Баековдун чыгармачылыктын жолуна түшкөнүнө 10 жыл болуптур. Бул жыл аралыгында Мирлан Баеков уккулуктуу ырлары менен эл оозуна алынды.Үй-бүлө күтүп, «кичинекей мамлекетке» башчы болду. Ал тургай бүгүн-эртең бала жытын искейм деп толкунданып жүргөн кези.

– Мирлан, жаңы ырыңа көптөн бери күбө боло элекпиз, башка ишке өтүп кеттиңби?
– Башка сфера деле эмес. Бир жаңы иш баштап алгам, убактымдын көп бөлүгүн ошол ишиме сарптоодомун. Гастролдо жүргөндө «ырдап чыгайын дедим эле, эмне кылсам болот? Жардам бериңизчи» деп кайрылган жаштар көп. Ошолорго жардам берем. Атайын имарат алып, ичин оңдоп-түзөп жатабыз. Продюсердик борбор десем аша чапкандык болуп калса керек. Анткени продюсер ырчынын ырынан кийимине чейин көзөмөлдөп, элге чыгарат эмеспи. Мен ырдоосун гана калыпка салып, сахнага барчу жолду көрсөтүп берем. Аларды дароо сахнага эмес, кафеде ырдоого даярдайм. Өзүм бир нече жыл кафеде иштеп жүрүп, анан сахнага чыккам. Ошондон улам кафе ырчылар үчүн жакшы пайдубал экенин билем.
Окуучуларыбыз кадимкидей айлык төлөйт. Мынча жыл окуйт деген белгилүү бир убакыт коюлбайт, ким качан даяр болсо, кафеге барып иштей берет. Жумуш табууга да жардам берем.

– «Жоролор» куудулдар тобу менен иштешип жатасыңбы?
– «Жоролор» тобу чачырап кеткенбиз. Биздин мамлекетте топ менен иштөө кыйын экен. Анткени гастролго чыкканда да жакшы шарттар түзүлүшү керек. Акча жагы да ойдогудай болуп, үй-бүлөнү багууга жеткидей болушу керек дегендей. Ортодо бир аз келишпестиктер да болду. Учурунда мага бир аз жеңил болгон. Дегеним, гастролдон сырткары тойлорго чакыруу алып иштечүмүн. Кыскасы, жаныбызды бага албай, тарадык. Алтынбек, Жылдызбек, Эсен үчөө тең таланттуу жигиттер. Азыр Алтынбек, Жылдызбек Айбек Карымов менен чет жерге концерт коюп кетти деп уктум. Эсендин акча алмаштыруу жайы бар, ошону менен алектенип, бизнеске өтүп кетти.

– Анча-мынча маселелерди агаларың аркылуу чечесиңби? Сурайын дегеним, «тамашоучу» Санжар Мыкыевдин «бул Мирлан Баековдун эмес, Атабековдун концерти» деген сөзүнөн кийин агаң телефондон аны ордуна коюптур...
– Мен ал сөзгө маани деле берген эмесмин. Бир жолу Санжар өзү «байкең бар турбайбы, чалып жатат, туура эмес сүйлөп алыптырмын, кечирип койчу» деген. Чынында, Санжарга ким чалганын деле билбейм. Менин ырларымды жактырган, чыгармачылыгымды сыйлаган агаларым болсо керек. Концерттен кийин айрымдар өзүмө деле «ушинтип айтыптыр го, такалап коёюнбу?» деп жатышты. Негизи, бир тууган агам жок. Үй-бүлөдө улуусумун.

– Баарыңар үйлөнүп-жайлангансыңарбы?
– Кичүү карындашым эле калды. Ал борбордогу окуу жайлардын биринде сырттан окуп, чачтарачканада иштейт. Менден кийинки инилерим мага чейин үйлөнүшүп, бирден, экиден балалуу болуп калышкан. 11-класста окуп жатканымда апамдын көзү өтүп кеткен. Атабызды айылга жалгыз таштабайлы деп Бишкекке көчүрүп келип, там салып бергенбиз.

– Баарыңар өзүңөр менен өзүңөр болуп кетесиңер да, атаңарга кобурашып чай ичип отурганга байбиче алып берүүнү ойлогон жок белеңер?
– Алып бергенбиз. Бир жолу атам баарыбызды үйгө чогултту да, «үйлөнөйүн деп жатам, балдарым, каршы эмессиңерби?» деп уруксат сурады. Бардыгыбыз макулдугубузду бергенбиз. Албетте, өз эненин ордун эч ким толтура албаса керек. Азыркы апабыз деле жакшы. Эже дейбиз. Ооруканада иштейт. Атам да күүлүү-күчтүү, өзүнүн контейнери бар, соода кылат.

– Үй салып жатабыз дедиң эле, бүтүрүп кирип алдыңарбы?
– Ооба, анын бүтүшүнө бир туугандарымдын, атамдын, баарыбыздын салымыбыз бар. Азыр ал үйдө ата-энебиз турат. Карындашым менден кийинки инимдикинде. Келинчегим экөөбүз батирдебиз. Үй салайын деген ниетим такыр жок. Жаштайымдан курулушта жүрүп көңүлүм көчкөн журттай калыптыр. Атам өтө мээнеткеч адам. Бизди үйрөнсүн дедиби, кыскасы, айылдагы үйдөн тооккана салып же кой короону көчүрүп, дайыма курулуш иштери менен алек боло берчү. Тырмалаңдап биз жанында жүрчүбүз. Ошондуктан эми өзүмө үй салбайм, сатып алам.

– Келинчегиңдин көз жарарына аз калды окшойт, сен эмес, биз дагы күтүп жатабыз...
– Дарыгерлер июлдун он бешинен жыйырмасына чейин дешкен. УЗИден эркек деп айтыптыр. 2-3 ат тандап койгом. Ушунчалык толкундануу менен күтүп жатам.

– Келинчегиңдин сахнага чыгуу оюнда жокпу?
– Азырынча оюнда жок. Искусство институтун кызыл диплом менен аяктаган. Жакшы окугандыктан, окутуучулар ошол эле окуу жайга мугалим кылып алышкан. Ай-күнүнө жеткиче эле оркестрден сабак берип жүрдү. Декреттик өргүүгө чыкканына аз эле болду.

– Бизге берген мурунку маегиңде «баарыбыз чакан-чаканбыз, узун кызга үйлөнүп, тукумубузду бир аз узартайын деп жатам» дегенсиң. Созул деле чакан экен. Узундар карабай койдубу?
– Ээ, ошентип айтыптырмынбы? Тамаша иретинде айтсам керек, ха-ха... Албетте, узундарды жактырам. Бирок алар Созулга жетпейт да.

– Гастролго көп чыгат эмессиңби, айылга концерт коюп баргандарга жергиликтүүлөр кыр көрсөтүшөт деп көп угам. Мындайларга кабылган учур болду беле?
– Ал концерт коюп барган адамдын өзүнөн. «Концерт келиптир» десе жашоочулар жакшылап эс алалы деп майрамдап коюшат чыгар. Анан ырчы сахнага чыкканда залдан «тигини ырда, муну ырда» деп тийише башташат. «Мастан жинди качып кутулуптур» дегендей, аларга теңелип айтышпаш керек. Кээ бирлер өздөрүнө жараша жооп берип коёюн деп кыжырына тийип алат. Жаңыдан чыгып келе жатканымда, атын айтпай эле коёюн, бир ырчы менен гастролдо жүрүп ушундай нерсеге туш болгонбуз. Музыка өчүп калып, анан кайра уланып кеткен. Ошондо залдан «эй, жакшы ырда» деп кыйкырышты эле, тиги ырчы «өзүң келип ырдабайсыңбы» деп айтыша кетти. Бирок мушташкан жокпуз. Мен азыр мындайларга теңелбейм. Аккордеон менен чыксам эл жакшы кабыл алат.

– Айылда жүргөнүңдө концерт коюп келген ырчыларга тийишкен учур болду беле?
– Кичи мекеним – Токтогулдун Торкени. «Каяктансың?» дешкенде «Торкенден» десең эле «аа» деп кол шилтешет. Ал «аа, бандит айыл» дегендери. Анткени «аганы көрүп ини өсөт» болуп биздин айылдын орто жашка барганы деле, кичүүсү деле тентек. Концерт келгенде ырчылар менен мушташкандарды көргөн жокмун. Бирок өздөрү бири-бири менен сөзсүз мушташышчу. Мен деле кичинемде өзүмдөн улуулардан көп таяк жедим. Тилимден тапсам керек. Азыр мушташсам эмне болот билбейм, өзүмдүн да кармашып көргүм келип жүрөт.

– Бек Борбиевдин айылынан болот турбайсыңбы, ырчынын мушташканын көрдүң беле?
– Классташтарынан «жакшы мушташат» деп угуп калганым бар. «Теңтуштары Бектен жалтактап турушчу, кичинекейинен спортко кызыкчу» дешет билгендер. Айылга барган сайын волейбол ойногонун азыр деле көрүп калам.

– Тойлорго ставкаң канча?
– Ставкамды айткандан абдан кыйналам. Тааныштарым, алардын тааныштары телефон чалып, «кызыбызды күйөөгө берип жаттык эле. Андай-мындай» деп тойдон кеп салышат да, аягында «канча дейсиз?» деп сурашат. Анан кыйналганымды сураба. Суроого жооп бериш керек да, 200 доллар дейм. Нарын, Көл же башка аймактар болсо бир аз кымбатыраак.

– Кээ бир ырчылар ылайыгы келгенде «Кызыл өрүк» болуп калыпсың» деп бири-бирине тамаша ыргытышат экен, укканың барбы?
– «Кызыл өрүктүн» саптары менен кыздарга тийишип жаткандарын көп уккам. Ошол өзүн элита сезген ырчылардын бир ырын эл «Кызыл өрүктөй» кабыл алышты бекен десең. Сындагандан мурун алар мага жетип алышсын.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мирлан Баеков: "Жакында уулдуу болом"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
aidai88
2013-07-16 11:40:38
уну шандуу адамдын конулун ачат.байкасакар ''Боз салкында'' бир аз катышкан жери бар ырдап
0
edico22
2013-07-16 15:08:50
aidai88, Айыл окмотундо дагы Саратан деген ырды гитара менен ырдап катышкан!
0
detective
2013-07-16 16:36:27
мага жагат жонокойлугу,уну
0
kemel81
2013-07-16 23:38:09
Siuz деп койду анан. Созул же Мирлан Баеков ОЗУ.Дегеним бир жолу бир комментарийге рахматын айткан анан копчулук, дал ушул Siuzга сиз Мирлан Баеков турбайсызбы деп каалоо тилектерин айтышкан. Тан калычтуу ырчылар оздору комментарий жазып озун ОЗУ мактап отура берет экендааа!
0
Siuz
2013-07-16 23:53:36
kemel81, Мен чынын айтканда Мирлан Баековдун жакын досу жана коллегасы болом.Атымды айтуунун деле кажети жок. Туура тушунунуз. Мен алар менен жакындан тааныш болгондуктан, билгенимди жазып жатам.
0
altinim
2013-07-17 11:55:54
Сахнадагы анча мынча эл тааныбаган "сулуу чымчык"тарга караганда Баековду эми баскан баладан тартып картайган карыларга чейин бүт баары тааныйт чыныгы эл ырчысы, үй бүлөңүз мн бар болуңуз ылайым, күтүп жаткан коногуңуздар эсен-аман дени сак болуп үйүңүздөргө кут, береке,бакытты кошо алып келсин
0
ZVEZDA01
2013-07-17 13:39:41
Таланты бар ырчы ырларынын баары жагат жоголбой жаны ырларды чыгарып турун.
0
N.Bakazova
2013-07-17 15:24:45
Azamatsyng Baekov.
0
uvay
2013-07-18 14:31:52
ырларынын мааниси терен.алга Мирлан!!!
0
Positive
2013-07-18 16:42:26
ai ai uwul yr4ynyn unu olo jagatda mmm molodes 4ygarma4ylygyna 4000000n iygilik kaalaim!!!!!!!!!!!!
0
mi-li-na
2013-07-18 20:03:11
элиталар деп оздорун курулай соз менен алдагандар Мирлан Баековдун чанына жетмек тугул караандабай калат, элита деген атка татыктуу адамдар алар эч качан оздорун айтышпайт мен элитамын деп))))))), ошол элитабыз дегендерди баардык ММКлардан окуганда же коргондо кайсы гана адам болбосун созсуз кулкусу келээри бышык да хи-хи!!!
0
Suslik
2013-07-19 03:24:25
ozun jaaaaaman sezip algan go.
0
dinka.vip777
2013-07-19 11:48:41
Уну жакшы сапаттуу ырларга токтолуп ырдаса мындан да жакшы болмок.
0
gooool
2013-07-19 16:12:39
Ырлары сонун,азаматсын ардайым алга.
0
Rostov-on-Don
2013-07-21 16:20:51
Алпаруучу бала жагат да мага.
0
kitikat
2013-07-21 19:05:39
кызыл орук баарыга еле жагат болсо керек
0
suiutbekov1989
2013-10-03 11:28:56
Чыгармачылык ийгилик уну сонун азаматсын
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан