«КУМТӨРДҮН» АЙЫНАН КҮЗ КҮРКҮРӨЙТ, ЖЕ ДҮРБӨЛӨҢ ЧЫГАТ...

Келечекте «Кумтөр» кенинин тегерегиндеги бардык окуялар Кыргызстандын тарыхында чоң орун алары бышык. Азыртадан олуялык кыла албасак да, бир жарым айдан кийин «Кумтөр» кайрадан маалымат төрүн ээлегени турат. Бул күз бир гана түшүм жыйналчу талааларда эмес, саясий айдыңда, а балким, аянттарда да кызуу болушу күтүлүүдө.

Учурда көпчүлүк бейкапар жайкы эс алууда болушу мүмкүн, бирок кымыз ичип, күнгө кактангандардын катарынан өкмөт мүчөлөрүн табуу оор. Айрыкча «Кумтөр» менен сүйлөшүү процессин улантып жаткан Министрлер кабинетинин бөлүгү.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: «Канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүнүн эң татаал маселеси – «Кумтөр» долбоорундагы Кыргызстандын үлүшү»,- деп айтты. Албетте, премьер-министр үчүн бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгы анын карьералык тагдырын чечип калышы мүмкүн. Анын үстүнө Жогорку Кеңеш да өкмөткө «Кумтөр» боюнча чекит коюуга күзгө чейин убакыт берген, ал убакытка карай Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөт башкарып келгенине да бир жыл толот. Кыскасы, күзүндө Жантөрө мырзанын жөжөлөрү саналат же азыртадан даярдыгы көрүлүп баштады делген жаңы өкмөттүк курам көз ачып жумгуча учурдагысын алмаштырат.
Бул аралыкта «Кумтөр оперейтинг компани» компаниясынын президенти Майкл Фишер саналуу журналисттерди чакырып, аларды кызыктырган суроолорго жообун узатты. Майкл Фишер оозун ача электе «сүйлөшүү процесси боюнча комментарий бере албайм, анткени акционерлердин мага койгон милдети – кендин үзгүлтүксүз ишин камсыздоо» деди. Анын айтымында, макулдашуунун денонсациясы эки тарапка тең пайда алып келбейт.
Өткөн айда биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев «Кумтөр» кенине барган сапарында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургундары менен жолугуп: «Соңку окуялар компания жетекчилиги менен жергиликтүү элдин ортосунда байланыштын жоктугу, маалымат алмашуу жетишсиздигинен келип чыккандыгы байкалууда. Мындан ары компания тарабынан аптада же эки аптада бир айрым түшүнбөстүктөрдү жоюу үчүн жолугушуулар уюштурулуп турат»,- деген болчу. Андан бери бир айдай убакыт өткөнү менен, мындай иш-чаралар кечигип жатканын, бирок жакын арада пландык жолугушуулар башталарын айтты Майкл Фишер.    
Минтип бир жактан эл менен сүйлөшүп туруу убадасы жылдырылып жатканда, экинчи тарап бул боштукту толтуруу убайымында. «Кумтөр» элдики, аны улутташтыруу керек» деп чыккан депутаттардын демилгечиси, керек болсо кендин кесепетинен 9 айдан ашуун
СИЗОдо отуруп чыккан үч «ата журтчунун» ана башчысы Садыр Жапаровго байланыштуу кызыктуу видео интернет мейкиндигин ээледи. Анда көрсөтүлгөндөй, Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушууга келген Садыр Жапаровго топтолгон эл чабуул койгон. Ал жерден депутат шашыла жөнөгөндүр, бирок анда турган адамдардын «Бакиевдин кезинде бийликте турбадың беле, ошондо эмнеге «Кумтөрдү» көтөрүп чыккан эмессиң? Элди козутуудан тажаган жоксуңарбы?!» дегендерин угууга болот. Көлдүктөр тарабынан куулганын Садыр Жапаров өзү четке кагып, мунун баары чагымчылдардын иши экенин айтты.
Канткен күндө да «Кумтөр» кийинки сезондун хитине айланары айкын болуп турат. Кендин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечилиши, ошол эле учурда чечтире көрбөй, аны пайдаланып калуу мүмкүнчүлүгүнө оңбогон күч сарпталат. Ансыз да азыр коомдук-саясий абалга таасир эте алчулар бири-бирине «күздө көрүшкөнчө» деп ызырынып-тиштенип отурушкандыр...

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
saysat
2013-07-15 10:21:19
Бул калп эле оппозициянын чыгарган ушагы. Элдин кулагын тебелеп, бийликтин ушун алгысы келуудо. Кумтор маселесин чечуу учун атайын коммиссия иште жатат жана аны окмот озу карап атат. Коммиссиянын торагасы Жанторо Сатыбалдиев. Менимче алар андайга чейин алып барышпайт. Кумтор 20 жылдан бери биринчи жолу кыргызга пайдалуу иштей баштайт деп ишенем.
0
LEP888
2013-07-15 11:28:08
Кумтор булардын бетине кармаган щити да, буларга бийлик эле керек, андан башка эч нерсенин керги жок, бийликти бергилечи Кумтор менен элди 5 сек кийин унутуп коет.
0
zirek.kyz
2013-07-15 14:13:52
Тажабаган жандар экен го.Элимде тынчтык болсунчу.
+1
asil-08
2013-07-16 14:53:04
окубадым окугум да келбейт баягы эле лапшалар болсо керек
+1
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан