ТЕХНИКАЛЫК КАРОО АВГУСТТУН АЯГЫНА ДЕЙРЕ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Жол күзөт кызматы 8-июлда техникалык кароо жүргүзүлө баштаганын билдирди. Ал августтун аягына чейин уланат. «Биринчи орунда жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларды унааларын тыкыр даярдыктан өткөрүүгө чакырабыз. Алар үчүн атайын график түзүлөт. Техникалык кароо жүргүзүлө турган бардык пункттарда Салык кызматынын өкүлдөрү болушат. Андыктан ар бир унаанын ээси маалыматтык эсепти толтуруп, кыймылдуу мүлктүн салыгын кошо төлөй алат»,- деп Жол күзөт кызматынан маалымдашты.
Процедурадан милдеттүү түрдө жүргүнчү ташуучу транспорттун бардык түрлөрү өтүшү керек, ал эми жеңил унаанын ээлери техникалык кароодон өз эрки менен өтүшөт. Бирок транспорттун чыккан убактысынан 3 жыл өтө элек болсо, техникалык кароонун муктаждыгы жок. Процедуранын баасы өзгөртүүсүз калган: мотоцикл менен чиркегичтерге – 15 сом, жеңил автоунаалар – 25 сом, микроавтобус, автобус жана жүк ташуучуларга – 40 сом. Техникалык кароо жылына эки ирет өткөрүлөт, бирок быйыл кеч башталганына байланыштуу бир жолку өтүү жарактуу деп эсептелинет.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан