8-июлда Иорданиянын Амман шаарында бокс боюнча Азия чемпиондугу аяктап, кыргызстандык Азат Үсөналиев 52 килограмм салмакта чемпион аталды. Маалыматтарга караганда Азия чемпиондугу көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет катталып отурат. Андан тышкары бул мелдеште Кыргызстандын эсебине дагы 3 коло медаль бар. Алардын ээлери: Өмүрбек Малабеков (56 килограмм салмакта), Эрмек Сакенов (64) жана Сергей Паренко (91).
Бокс боюнча апта ичинде катталган жаңылыктарга орусиялык Дүйнө чемпиону Александр Поветкин менен Денис Лебедевдин Кыргызстанга келгенин кошсок болот. Ысык-Көл жээгинде атайын машыгуу сборун өткөрүү үчүн келген мушкерлер 9-июлда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушту. Белгилей кетсек, «Афины-2004» Олимпиадасынын чемпиону, супер оор салмакта учурдагы Дүйнө чемпиону Александр Поветкин ушул жылдын 5-октябрында Москвада украиналык Владимир Кличкого каршы орун алчу беттешке даярдыкты Кыргызстандан баштады.