СТУДЕНТТЕРДИН СТИПЕНДИЯСЫ ЖОГОРУЛАЙТ...

  • 2013-жылдын башынан бери Куткаруу кызматы тарабынан 137 АДАМДЫН өмүрү сакталып калганын ӨКМ билдирди.
  • Өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкөдөгү студенттердин стипендиясы 2013-2014-окуу жылынан тартып 276 СОМДОН 800 СОМГО чейин жогорулайт.
  • Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгынан кетип, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бошогон кызмат ордуна  АДАМКУЛ ЖУНУСОВ бекитилди.
  • Москва шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу №1-чет элдик жарандарды кармоочу жайда 71 кыргызстандык бар, алардын ичинен жетөө – аялдар.
  • Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун айтымында, борбор шаардагы мектеп имараттарынын 60 ПАЙЫЗЫНЫН эскилиги жеткен.
  • Ички иштер министрлигинин академиясынын жетекчиси АЛМАЗ БАЗАРБАЕВ ээлеген кызматынан бошотулду.
  • Июнь айынын башында орун алган Жалал-Абад облусундагы окуяларга байланыштуу Шайырбек Ташиев, Медер Үсөнов, Жеңиш Токторбаев жана Айбек Сулаймановго карата козголгон КЫЛМЫШ ИШИН иликтөө аяктап, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
  • Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги САММИТИ 13-сентябрда Бишкекте өтөт.
  • Ушул жылдын 6 ай ичинде Бишкекте 118 МИҢДЕН ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталып, алардын 1000ге чукулу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Бишкек ШИИББи билдиргендей, айдоочуларга салынган айып пулдардын эсебинен бюджетке 28 миллион сомдон ашуун каражат түшкөн.
  • Депутаттар Дастан Бекешев менен Ширин Айтматова өкмөттөн жана Башкы прокуратурадан «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу жана өлкөдөн чыгып кетүүсүн иликтеген депутаттык комиссиянын сунушунун аткарылышы тууралуу коомчулукка МААЛЫМАТ БЕРҮҮНҮ талап кылышты.
  • Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн 35 КЫТАЙ ЖАРАНЫ депортацияланат.
  • «Transparency International» Эл аралык уюму изилдөөлөрүнүн негизинде жүргүзүлгөн «Дүйнөлүк коррупциянын барометри-2013» баяндамасында Кыргызстанды ЭҢ КӨП ПАРА БЕРГЕН өлкө деп көрсөттү.
  • Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, экинчи сынакта «Жер-Үй» кенинин старттык баасы мурунку 300 миллион доллардан түшүп, 100 МИЛЛИОН долларды түзөт.
  • Эксперттердин баасы боюнча, Кыргызстан коррупциянын кесепетинен жылына 700 МИЛЛИОН долларлык зыян тартат.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
kokjar92
2013-07-15 11:32:07
800 эмес,276 сом убагында берилбейт бизде. Мисалы,мен январдан беркисин ала элекмин...
0
Nur_meerim
2013-07-15 12:27:07
Жакшы болуптур которулсо! Мен окуп жургондо 210 сом болчу..
0
abaychik
2013-07-15 15:21:19
ооба жакшы болуптур байкуш студенттердин ата-энелерине жардам болот.
0
Diamond09
2013-07-15 16:22:42
Охо созундо турушунда, бизде ар 3 , 4 айда топтоп берет. Байып жыргап калат экенбизда
0
love.is
2013-07-15 17:17:18
созундо туруша бекен аны убакыт корсотот биз 1-курсубузда которулот деп айтышкан бирок которулбодуго озу менен айтышпай колу менен ишке ашырышса жакшы болмок
0
altinim
2013-07-17 10:32:15
көтөргөн менен экзамен, зачетто эки эсе кылып топтоп алышатко хе хе:)
0
ROUSE
2013-07-18 19:40:44
мен окуп жургондо 180 сом болчу )))
0
aijan
2013-07-20 00:23:13
Алганыма ыраазымын, налогун кемитсе, накта 273 сом болчу :) бирок аты эле болбосо, затына кафеге бир, ашып кетсе, эки жолу кирсен ипсе, тугонот эле. Октябрда 2-3 айдыкын бир бергенде аябай суйунчубуз да!
0
Nurzada88
2013-07-20 22:45:59
Ээ достор мамлекетибиз жарды болсо эмне кылсын,ар 6 айда эле жетекчилер алмашса, бири келип бир закон, экинчиси дагы бир закон ошентип эле ишке ашпай жатат да. Кагазга жазылган бойдон кала берет...............
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан