Түгөйлөр баш кошкон соң жашоонун ысыгына бирге күйүп, суугуна бирге тоңуп, үй-бүлө кайыгынын оош-кыйышын тең көтөрө билүү керек. Маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү да бирде табышса, бирде таарынышат, чырдашат, ыйлашат дегендей...
АССОЛЬ АЛМАЗБЕКТИ ЧАНДЫБЫ?
Былтыр февраль айында телеалпаруучу Ассоль Молдокматова АКШда жашаган кыргыз мушкери Алмазбек Раимкулов экөө интернет булактарына укмуштуудай романтикалуу сүрөттөрүн жүктөп, элдин оозун катуу ачырышкан эле. Муну көпчүлүк «Молдокматованын курулай пиары» деп түшүнүп баштаганда Ассоль айым «биздин мыйзамдуу никебиз баарынын оозун жапты» деп Алмазбекке жубай болгонун айткан.
«Өтө кызыл бат оңот» дейбизби же кандай, эми көпчүлүк Ассоль айым мушкер жолдошун таштап кеткенин кеп кылууда. «Алмазбек Раимкулов АКШнын мыйзамына туура келбеген иштерди жасап, башына кыйынчылык түшүптүр. Мындай кырдаалда «сүйөм-күйөм» деген жубайы шеригине карап да койбой ара жолдо калтырып, Кыргызстанга баса берген. Кайненеси «баламды бошотууга жардам бер» десе, келини «аны мен каматкан жокмун, колуңдан келсе, өзүң бошотуп ал» деп кесе жооп кайтарыптыр» деген кептерди басылмалар баса белгилеп беришүүдө. Байкашыбызча, бири-биринин сүрөттөрүнө «жаным, каным» деп жалбарган мурункудай билдирүүлөр да жок, тынчыган.
Маалыматты тактоо үчүн Ассоль айымга байланышып чыга албадык. Бирок жардамчысы Айсулуу «Ассоль Молдокматова менен Алмазбек Раимкулов эч кандай араздашкан эмес. Мушкер камакка алынбай эле, жеке иштерине байланыштуу АКШнын Аляска штатында жашап жатат. Ал эми туура эмес маалымат тараткандар кечирим сурашкан» дейт. Эмне демекпиз, Айсулуу айым айткандай, араздашпаганы эле дурус.
АЛИХАН МЕНЕН АЙПЕРИ ТААРЫНЫШЫП ЖҮРҮШӨТ
«Кыялымдан кетпес» деген ыры менен Алихан, оо, канча кыздын кыялына айланды. А бирок былтыр үйлөнүп, сахнадан да көрүнбөй калган. Келин бала менен ырчынын ата-энеси жакшы тааныш болуп, экөө көпкө сүйлөшүп жүргөнүн, апасы тандаган кызга үйлөнгөнүн Алихан маегинде айткан.
Турмуш деген дайым бирдей боло бербейт эмеспи. Алихан менен жубайынын араздашып жүргөнүнө көп болду. Таарынышуулар ар бир үй-бүлөдө болот, балким, эки жаш чогуу өткөргөн бактылуу күндөрүн сагынып, кайра табышар.
ТЫНАЙДЫН БАШЫ ДАГЫ БОШПУ?
«Инсан» тобунун ырчысы Тынай Алыбаев жылдызы жанып турган чакта ага суктанган, жубайы болом деген кыздардын саны арбын эле. «Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт» демекчи, Тынай мырзанын ошондогу кадыр-баркы, өң-келбети дале сакталуу.
Атагы далайга жетип, жылдыз болуп турганында бир сулуунун колун кармап, көп өтпөй эки ажырымга түшкөнүнөн кабардар болсоңуз керек. Кийинчерээк Азиза деген сулууга баш кошуп, Жантай аттуу уулдун атасы болду. Экинчи жубайы менен да жакшы келише албай калганбы же жөн эле казан-аяк катуураак кагышып кеткенби, айтор, Тынай байкебиз азыр «бойдогураак» жүрөт.
Жеке жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу ырчы «кийинчерээк кенен маалымат берем» деп, маалыматты сыр тутту. Демек, азыр маселе толук чечилбей, чекит коюла элек экен. «Косяк» кимден кетип, неге таарынышканын өздөрү эртерээк чечишип, кечиришип, кайра түтүн булатышса экен деп тилейли.
АК КУШУН УЧУРГАН АЛТЫНБЕК
Алтынбек Алымов мындан үч жыл мурун жумгалдык Мээрим аттуу кызга үйлөнгөн эле. Карт бойдок үйлөнгөндө «акыры түгөйүн тааптыр» деп баары кубанышкан. Бойдок кезде «Койкоюп тосуп төшүңдү, коюнуңа чакыр өзүмдү» деген саптарды чыгарып койгон ырчы үйлөнөрү менен мындай ырлары да дым болгон. Келинчеги катуу кармап, ырлар жаралбай калдыбы десек, жок, башка себеби да бар өңдүү. Ырчыларга эмне керек, эргүү керек. Аны бирөө тартуулап же шарт түзүп бербесе, миң талант болсо деле чыкпай калат да.
Ошо, туугандар, Алтынбектин үнү чыкпай калганынын себеби да жеңекебиз менен араздашып жүргөнүндө болуп жүрбөсүн?.. Анткени Алтыкебиз «жеңеңер апасынын үйүндө» деп жүрөт. Үй-бүлөдөгү таарынышуу, араздашуу адамды чөктүрүп жиберет эмеспи. Андыктан азыр төркүнүнө кеткен ак кушу кайрылып келип, Алтынбек мырзага эргүү берсе экен.