Үнү, стили, жадакалса мүнөзү менен өзгөчө Каныкей дагы бир жаңылык жасады. Дүйнө жүзүн тейлеген бир интернет дүкөнүнө ырчынын «Садагам» аттуу жаңы альбому киргизилди. Альбомдо ырчынын 14 ыры камтылган. Альбомдун интернет дүкөндө сатыкка коюлушунун себебин ырчы «негизги максат – чет өлкөлөргө ырларымды таанытуу» деп түшүндүрдү. Каныкейдин бул альбому акжолтой болуп, артынан башка ырчылардыкын да ээрчите берсин эми.