Нарын шаарында 1-июлдан 5-июлга чейин Таттыбүбү Турсунбаева атындагы 5-театралдык фестиваль болуп өттү. Фестивалда Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры Бертольд Брехттин «Ай төгөрөк ак сызык» драмасы менен катышып, баш байгеге коюлган
25 000 сомду жеңип алышты. 17 актёрдун катышуусу менен коюлган драманын режиссёру Элвира Ибрагимова, сүрөтчүсү Юлдаш Нурматов. Ошондой эле жаштар театрынын актрисасы Айнура Качкынбек кызы драмадагы Груша Вахнадзе деген кейипкердин ролун жеткиликтүү ойногондугу үчүн Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сыйлыктын ээси болду.