Бул жаңылыктын башын «оо, калайык, калың журт, бириң эмес, баарың ук» деп баштасак да болчудай. Башкача айтканда, дүйнө элине Манасты сыймыктануу менен даңазалап келген манасчыларыбыз күзүндө аймактарды кыдыра «Манас» айтышат. Бул жүрүштүн максаты – элдин Манаска болгон көз карашын жандандыруу, улутту уңгу маданиятка кайруу экенин манасчы Рысбай Исаков билдирди. Жолуңар шыдыр болсун, манасчылар!