3-5-июль күндөрү «Көчө бийинин мезгили» аттуу эл аралык фестиваль Астана шаарында болуп өттү. Ийгилик жаман эмес. Кыргызстандын атынан барган «We`ll be...» бий тобунун жигиттери баш байгеге коюлган 1 000 000 теңгени өңөрүп келишти. Кандай сыймык?! Мыктылардын мыктысын Майкл Жексондун, Жастин Бибердин хореографтары сыяктуу бий дүйнөсүндөгү профессионалдар тандашкан. Баш байге ээлери 16 бий тобунун ичинен суурулуп чыгышкан. Сынакка барарда демөөрчү таппаган жигиттер ар бири өз чөнтөгүнөн 20 000 сомдон чыгарып, фестивалга барып келишкенин айта кетпесек болбос.