ТЫНЫГУУДАН КЕЛГЕН NATALI

Натали десе эле «ветер с моря дул...» деген ыр саптары эсибизге түшөт. Аталган ыры менен 90-жылдары атакка жетип, кайра жок болуп кеткен сары чачтуу ырчы айым кайрадан сахнанын төрүн багынтып жаткан кез.

НАТАЛИ ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү –
Наталья Анатольевна Миняева (Рудина)
Туулган жылы, күнү – 1974-жыл, 31-март
Туулган жери – Орусиянын Нижегородск облусунун Дзержинск шаары
Репертуарындагы ырлары – «Деңизден соккон жел» «Алгачкы сүйүү», «Сүйүп калба», «Оо, Кудай, кандай гана мырза!» жана башкалар

МУГАЛИМДИКТЕН БАШТАЛГАН АТАК
Наташа орто мектепти аяктаган соң апасынын кеңеши менен педагогикалык училищеге тапшырып, мугалимдик кесипке ээ болот. Бир канча жыл башталгыч класстарга сабак берип, агартуучулук менен алпурушуп жүрүп, акыры ырчы болуу тилеги тынч койбойт. Анткени окуучулук кезде «ырчы болом» деп апасынын жанын койбой, музыкалык мектепти аяктаган да жайы бар эле. 1991-жылы жергиликтүү «Шоколадный бар», андан соң «Поп галактика» аттуу топтордо ырчылыкты аркалай баштайт. Өзү ыр жазып, обон жаратып, канчалык аракет кылбасын, топтун курамындагылардын көлөкөсүнөн чыга албай коёт. Атактуулукту жалгыз багынткысы келген ал жеке ырчы болом деп Москвага жол тартат.
Бир топ жылдан кийин гана Натали деген ат менен Москванын сахналарын багынта баштаган. Анын атын далайга тааныткан чыгарма «Деңизден соккон жел» деген ыры болду. Дал ушул чыгарма 90-жылдардагы хит ырлардын катарын толуктап, музыкалык чарттардын сап башында көпкө кармалган. Ал ырынан кийин сахнадан көп көрүнбөй кеткен.

«ОО, КУДАЙ, КАНДАЙ ГАНА МЫРЗА!»
«Деңизден соккон жел» аттуу ырым менен белгилүү болгон соң бир аз тыныгууну кааладым. Анткени чыгармачыл адам өз ишинде дайыма ийгилик жарата бербейт. Элге татыктуу чыгарма тартуулоо үчүн эргүү менен иштөө керек»,- дейт Натали. Айткандай эле, ырчы айым арадан 16 жыл өткөн соң чыгармачылыкка кайтып келди. Учурда айымдардын гимнине айланган «Оо, Кудай, кандай гана мырза!» («О, Боже, какой мужчина!») Наталинин кезектеги мыкты чыгармаларынын бири. Аталган ырды ага Роза Зименс аттуу немис акыны сунуштаган. «Ырды окуп көрүп, дароо көңүлүмө жагып калды. Кээ бирлер ишенбеши мүмкүн, обонун бир сааттын ичинде жараттым»,- дейт ырчы айым. Натали бул ырды кыздуу болууну эңсеп, ырым катары да ырдап чыкканын айтат. Анткени ырда «сүйүктүү мырзамдан уулдуу, кыздуу болууну каалайм» деген саптар бар. Натали учурда Арсений жана Анатолий аттуу уулдардын энеси.

ОН ЖЫЛ БАЛА КҮТКӨН
Ырчы 11-класста окуп жатканда Александр Рудин аттуу мырза менен таанышат. Александр ал кезде үн жаздыруучу студияда иштечү. Ал Наталинин чыгармачылыгына көмөк көрсөтүп жүрүп, акыры экөө бири-бирине ашык болуп калганын түшүнүшөт. Ошентип, ырчы кыз 17 жашында турмуш жолуна аттанат. Үй-бүлөлүк жашоону эрте баштап алгандыктанбы, бир топ кыйынчылыктарга туш болуп, жолдошу экөө он жыл наристе жытына зар болуп келишкен. «Бул жылдар аралыгында эки жолу кош бойлуу болуп, бирок экөөндө тең боюмдан түшүп калды. Александр мунун айынан менден баш тартабы деп коркуп, жадакалса өзүмдү-өзүм өлтүрүп салсамбы деген да ойлор болгон. Бирок жолдошум ар тараптан жардам берип, мени колдоп турду»,- дейт Натали бул тууралуу. Кызыгы, ырчы ушул убакка чейин жеке жашоосун ачык айтпагандыктан, басылмаларга «Натали ырчы Юрий Антоновдун жактырбаганына карабай жабышып тийип алыптыр» же «ажырашып кетиптир» деген чындыкка коошпогон сөздөрдү да чыгарып жүрүшкөн.

КҮЙӨӨСҮ НАТАЛИГЕ КӨҢҮЛ КОШПУ?
Акыркы ыры чыкканда телеалпаруучу Андрей Малахов өзүнүн автордук «Мейли, айта беришсин» телеберүүсүнө чакырып, ырчы ошол жерден үй-бүлөсү тууралуу агынан жарылып, жолдошун, уулдарын элге тааныштырды. Кызыгы, Наталинин сүйлөшкөн жигиттеринин баарынын ысымы Александр экен. «Кечки Ургант» берүүсүнө да конокко барып, «Кандай гана мырзасын» ырдап берип жатканда аталган берүүнүн алпаруучусу «Натали, чечинбесеңиз болбой калды» десе, юбкасын чече салып бийлеп кирген. Кийин Ургант ырчынын бул сөздү түз кабыл аларын ойлобой эле, тамаша иретинде гана айтканын белгилеген. Сүйүктүү жолдошунун жубайы, эки уулдун энеси болуп туруп, Наталинин минтип эл алдында жылаңачтанганына, төшүн ачып түшкөн сүрөттөрүнө күйөөсү эч кандай терс комментарий айтып, чыр салган эмес. Мындан улам «жолдошунун ырчы менен иши жокпу, көңүлү сузбу?» дегендер да болгон.

Асел Асанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
asil-08
2013-07-15 10:49:50
чын айканда деле юбкасын чечпей эле койбойбу орус оюна келгенин кылат деген ушул да
0
Nur_meerim
2013-07-15 12:03:26
О Боже, какой мужчинаа! Деген ыры жагат.. Женщина без комплексов экен да жон эле..
0
DooZzyWooZzy
2013-07-16 22:34:19
Nur_meerim, Азыр О Боже, какая Телка -деген ыры чыккан) (Тамашасыз эле)
0
jora.kg
2013-07-15 14:58:41
Обожаю молодцы!
0
INDIRA_89
2013-07-16 00:19:50
озунун жашанан аябай жаш корунот экен.
0
aidai88
2013-07-16 12:00:20
куйоосу озун клибиндеги жигитго
0
AFRODITA-89
2013-07-16 17:54:32
Юбкасын чечкени менен ичиндегиси деле шортик сыяктуу экенда ошого тартынбай чечкендир, ушундай кыска шортик, юбкалар менен деле чыгышатго, буларда уят деле жок.
+5
INDIRA_89
2013-07-16 22:05:00
AFRODITA-89, туура айтасын
0
ledifech
2013-07-17 03:25:23
золотой голос
0
Azamatnur
2013-07-21 18:10:56
О Боже какая женщина:) я хочу от тебя сына:) я хочу от тебя дочка и точка и точка :-):-)
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан