«Менин башыма салган ишти Кудайым эч бир эненин башына салбасын. Эч бир эне балам деп боздобосун» деген Жамила Абдурахманова аттуу жүрөгүндө өксүгү бар эне кеңсебизге келди.
«УУЛУМДУ АЖАЛГА ӨЗ КОЛУМДАН ЖУЛДУРУП ЖИБЕРДИМ»
– Кесибим – мугалим. 22 жылдан бери Ош шаарындагы ЖОЖдордун биринде студенттерге сабак өтүп, элдин балдарына тарбия берип келем.
Өзүм Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Арал айылына турмушка чыккам. Жолдошум уулум төрөлүп 2 ай болгондо автокырсыктан улам каза болгон. Андан кийин биз, чоң атасы экөөбүз, балабызды чоңойтуп, Кудайдан анын өмүрүн тилеп, жакшылыгын көрөлү деп жүргөнбүз. Чоң атасынын тилеги менен уулум 5 жашка чыкканда сүннөт той берели деген ниетте элек.
Уулум Кубатбек быйыл 5-майда тирүү болсо 5 жашка чыкмак. 97 жаштагы чоң атасы экөөбүздүн тагдырга баш ийбеске айлабыз жок. Себеби 2012-жылдын 18-ноябры күнү Ош шаарынын Озгур айылынын тургуну Самат Махамадазиз уулу мас абалында өзүнүн эмес, бир тууган таякесине таандык Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаа менен менин колумдагы уулумду сүзүп кеткен. Автоунаа бутума да катуу тийгендиктен, мен эсим ооп жыгылган экем. Колумдагы балам болсо жолдун жээгиндеги арыкка ыргып кетиптир. Бир убакта эсиме келип айдоочу автоунаасынан түшө калып баламды көтөрүп жатканын көрдүм. Андан кийинки эч нерсени билбейм. Бизди Ош шаардык ооруканага алып барышыптыр. Ооруканага барганда кан басымым көтөрүлүп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калыпмын. А балам ошол жерден көз жумуптур. Уулум каза болуп каларын эч ойлогон эмесмин. Себеби балам эч жеринен кан чыкпай таптаза эле жаткандай көрүнгөн. Көрсө, автоунаа саатына 140-150 чакырым катуу ылдамдык менен келип сүзгөндө баламдын жүлүнү үзүлүп кетиптир.
«ТЕРГӨӨ ИШИ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ЖҮРГӨН ЖОК»
– Ошентип, уулумду Токтогулга алып барып койдук. Мен доктурлардын көзөмөлүндө болдум. Андан кийин да кайра эсимди жоготуп, бир туугандарым Бишкекке алып келип ооруканага жаткырышты. 17 күн ооруканада жатып чыгып, уулумду сүзүп кеткен айдоочуну акыйкатсыз тергеп жаткандарына күбө болдум. Айдоочу ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынууга санкция берилиптир. Бирок анын аяш атасы ИИМде иштегендиктен, анын жардамы, акчанын күчү менен уулумду сүзгөн Самат сайрандап эркиндикте жүргөн. Ош ШИИББинин
тергөөчүсү Эрназар Муратов бул окуяны туура эмес иликтеп, айдоочунун күнөөлөрүн жаап-жашырып койгон. Ооруканада жатканда менден ар нерсени суратып жатты. Ден соолугума байланыштуу ага жооп бере албадым. Анан туугандарым телефон чалса тергөөчү «менин ишим бүткөн, ишти тергеп, сотко өткөрүп койдум, экинчи мага чалбагыла» дептир.
Ооруканадан чыккан соң Ошко барсам, тергөөчү уулумду сүзүп кеткен айдоочуну «сырттан окуйт» деп иликтөө ишине кошуптур. Мен ал окуган ЖОЖго чалсам сырттан окубай эле 3-курстун студенти экен. Айдоочуну «мас абалында эмес болчу» дептир. Мени «жабырлануучу тараптын мыйзамдуу өкүлү» деп жазыптыр. Мен баламдын артында калган, анын укугун коргой турган жалгыз апасымын, жабырлануучумун!
Тергөөчү жасай турган иштердин баарын өзүм жасадым. Андан соң соттук отурум болуп, сот айдоочуну күнөөлүү деп таап, соттук экинчи отурум болгуча камакта калтырды. Бирок тергөөгө мен катышкан жокмун, ошондуктан тергөө мыйзамдуу өткөнүнө ишенбейм. «Бул иш кайра башынан тергелсин» деп Ош шаардык прокуратурага арыз жаздым. Соттон кийин сүзүп кеткен баланын туугандары мага келишти. Менин жалгыз, чырактай туягым өлүп калса, алар сүзгөн айдоочунун баласын мага сунуштап жатышат. Туугандарынын бул жоругуна түшүнгөн жокмун. Өзүмдүн балам жок болгондон кийин бирөөнүн баласынын мага эмне кереги бар?!
«УУЛУМ ӨЗГӨЧӨ ЖАН ЭЛЕ»
– Азыр ойлосом, уулум өзгөчө жаралган жан экен. Анткени ал 1 жашка чыккан күнү сейилдегени алып чыккам. Жерге түшүрсөм эле балам дароо басып кетти. Үйгө келгенде телевизордон Атай Өмүрзаковдун бийлегенин көрүп алып окшоштуруп бийлей баштады. Атайды жакшы көрүп, анын бийлегендерин окшоштуруп туурачу. Кубатбек 3 жашка чыкканча Атайдын гезит беттерине чыккан сүрөттөрүн топтоп уулума альбом жасап бердим. Кийин «мени качан Атайга жолуктурасыз, мен дагы ошол жакка барып бийлейм» деп баштады. Анан атайын Атайды бир концерттен издеп барып жолугуп, «менин балам сени туурап бийлейт. Уулумду ээрчитип, жаныңа алып бийлете аласыңбы?» десем Атай «макул, эже, мындай таланттуу балдарга, албетте, жардам беребиз. Чоңойгондо менин мектебиме алып келиңиз» деген. Экөөнү чогуу сүрөткө түшүрдүм. Ошондо уулум аябай кубанып, Атай менен ар түрдүү сүрөткө түшкөнү дале эсимде.
Анан адамга болгон мамилеси да башкача эле, оюнда эмне болсо жашырбай, түз сүйлөчү. Мага «апа, чыдап туруңузчу, сизге мен чоңойгондо жер үй салып берем. Көп балалуу болом. Анан сизди машинамдын алдына салып алып жүрөм» деп айтчу эле (каарманыбыз сөзүнүн ушул жерине келгенде жашып кетти. Андан ары сөзүн улай албады).
«ИНИМ КАМАКТА, АЛ АЯЛДЫН АЙТКАНДАРЫ ЖАЛАА»
Ошентип, кырсыктан Кубатбек көз жумуп кете берди. Бул тууралуу экинчи тараптын да оюн угуп көрдүк. Эне-баланы сүзүп кеткен Самат Махамадазиз уулунун агасы ТАИР БЕГАЛИЕВ каарманыбыздын сөзүнө төмөнкүдөй жооп кайтарды:
– Самат менин инимдин баласы. 1990-жылы туулган. Атасы 1994-жылы каза болуп, жетим чоңойду. Үйлөнгөн, 1 баласы бар. Азыр убактылуу жаза өтөөчү жайда камакта жатат. Себеби 2012-жылы 18-ноябрь күнү Ош шаарынан автобустун артынан жолго чуркап чыга калган 4 жаштагы баланы сүзүп алган. Бала каза болуп калды. Апасы ошол учурда ары жактан колуна баштык көтөрүп келаткан экен. Азыр апасы Жамила «баламды көтөрүп келаткам, койгон бала мас абалында болчу» деп жалган маалымат таратып жатат. Окуя болор замат ал жерге МАИ кызматкерлери барып, Саматты нарколог текшергенде анын алкоголь ичимдиктерин ичпегени далилденген. Иним менин көзөмөлүмдө болгондуктан ичип, чеккенин көргөн эмесмин. Анан каза болгон баланын апасы «мага айдоочу баланын туугандары өздөрүнүн баласын сунушташты» деп оюнан чыгарып айтып жүрөт. Биз антип айткан эмеспиз. Өз балабызды бирөөгө карматып жибергендей биз жинди белек?!
«МЕН ӨЗ ИШИМДИ АТКАРДЫМ»
Ал эми бул ишти баштан-аяк иликтеген тергөөчүгө да кайрылдык. Ош ШИИББинин тергөөчүсү, милициянын капитаны ЭРНАЗАР МУРАТОВ буларга токтолду:
– Туура, бул ишти мен тергегем. Мыйзамдын негизинде гана иликтөө иштерин жүргүзүп, ишти сотко өткөрүп бергенбиз. Кылмышка шектүү бала азыр Ош шаардык убактылуу жаза өтөөчү жайда камакта жатат. Мен өз ишимди туура аткарып жатам. Баланы бир жакка качырып жиберген жокмун, ал камакта. Эми ага карата кандай өкүм чыгарын сот чечет. Ага карабай эле апасы менин үстүмдөн прокуратурага арызданып жатат. Мыйзам боюнча тергөөдө машина урган бала жабырлануучу болот. Ал каза болуп калды. Ал эми баланын ата-энеси жабырлануучу тараптын мыйзамдуу өкүлү болуп эсептелет. Окуя болгондо айдоочуну МАИ кызматкерлери наркологго текшерткенде соо болчу. Аны каза болгон баланын туугандары деле көргөн.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg