«ТУРМУШ ЖОЛУБУЗ БИР БОЛСО, ОЮБУЗГА ЖЕТЕБИЗ»

Бул аптанын каармандары Бегимай Бекбоева менен Ильяз Андаш болду. Бири катарынан клип тартып, ыр жаратса, экинчиси жер кезип гастролдордо көп жүрөт. Анан да экөөнү бириктирген бир нерсе бар...

БЕГИМАЙ БЕКБОЕВА
Туулган жылы, айы – 1990-жыл, 27-февраль
Туулган жери – Нарын шаары
Бою – 165 см
Салмагы – 52 кг
Билими – Орто билимдүү
Лакап аты – Бека
Репертуарындагы ырлары – «Жаш жигит», «Атама» ж.б.
Учурда – Жеке ырчы

– Бегимай, качан болбосун гастроль менен жүрөсүң. Хит ырларды жаратканга караганда сага жер кыдырган жагат окшойт?
-Туура айтасыз, Кыргызстанды кыдырып жүрө берип, эл атымды таанып калган. Бирок кайсы ырды ырдаарымды сурасаң жооп бере алышпайт. 9-классты бүткөндөн бери гастролдоп жүрүп, башкалардай чыгармачылыкты жандандыра албай калдым окшойт. Бирок мектепте окуган ар бир окуучудан сурасаң мени тааныйт, себеби мектептерге концерт көп коюп барам (күлүп). Ошондуктан эч нерсеге кейибейм, жер кезип, элге жакын болуп, жаман-жакшыны көргөн деле пайдалуу болуш керек. Турмушка бышып дегендей...

– Демек, чыгармачылыгыңа жаңылануу киргизейин деген оюң жок турбайбы?
-Албетте, бар, быйыл аябай катуу кириштим. Буюрса, четинен клиптерди тартып жатабыз. Өзүм кыйратып деле акча таппайм, азырынча атамдын Жолдош деген агасынын жардамы менен ойлорумду ишке ашырып жатам.

– Турмушка бышып калсаң, анда ак жоолук салынганга даярсыңбы?
-Даярмын деп деле айта албайм. Атам дагы «турмушка чык» деп шаштырбайт. «Каалаган учуруңда, көңүлүңө ким туура келсе, ошого башыңды байла, бирок артка кайтып келчү болсоң, үйгө киргизбейм» деп айтат (күлүп). Чынында, сыртынан көз салып, жактырып жүргөн жигит бар. Ал орус мүнөз, спортчу жигит. Ага мындай жылуу сезимдерим бар экенин билбейт. Айрым учурда жолугушууга чакыргысы келгенин байкап калам, бирок чакырбайт. «Свиданиеге» чыкпашымды билет да. Менин бир жакшы сапатым бар, жактырсам берилип, ал адам менен «ооруп» калбайм. «Кудайдын буюрганы болот» деп унчукпай жүрө берем. Эгер турмуш жолубуз бир болсо, баары бир ошол оюбузга жетебиз. Эгер тескерисинче болсо, тагдырыма туш болгонун бактылуу кылам.

– Ушуга чейин канча жигит менен мамиле түзүп көрдүң?
-Сырттан жактыруу деген болгон, бирок ушул убакка чейин жигит менен сырдашып, сүйүшүп көрбөптүрмүн. Кудай мени жалгыз калтырбасын билем. Теңимди табыш үчүн сөзсүз эле жигит менен жүрүштүн зарылчылыгы жок мен үчүн.

– Эми сүрөткө чогуу түшкөн Ильяз жөнүндө сөз кылалы...
-Ильяз адам катары жакшы. Таланттуу ырчы экенине баа берем. Бирок кыялы такыр түшүнүксүз. Бир убакта чечилип маектешип калса, кээде өзгөрүп калат.

ИЛЬЯЗ АНДАШ
Туулган жылы, айы – 1988-жыл, 30-июль
Туулган жери – Каракол шаары
Бою – 181 см
Салмагы – 73 кг
Билими – Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайды жана КМЮАны аяктаган
Лакап аты – Андаш
Репертуарындагы ырлары – «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар», «Кыздарга ишенбе», «Кимди сүйөсүң?» ж.б.
Учурда – Жеке ырчы

– Ильяз, «күйөрмандарымды жаңы ырлар менен тажатам» дедиң эле. Негизи, ырдын санына карайсыңбы же сапатынабы?
-Болгон аракетимди жасап, иштеп жаткан учурум. Жарым жылдын ичинде 4 клип тартууга жетиштим. Ар бир аткаруучу ырым хит болсо экен деп тилейт. Андай болбой калса, ырдын сапаты начар деген туура эмес. Ал деле эмгек менен жаралат.

– Сени көпчүлүк орой деп сындашат...
-Ооба, аны билем. Бирок азыркы жашоодо баары түбөлүктүү эмес. Азыр атым чыгып турган учурда пайдалангысы келгендер көп. Бул мактануу эмес, жөн гана андай адамдардан алыс болууну туура көрөм. Ошондуктан кээ бирлерине катуу айтып койгон учур болот, чынында.

– Эл көзүндөгү адамдардын достору көп болчу эле, сенде бул жаатта кандай?
-Акыркы кезде анча-мынча адамдардан алыс болуп, дос күтүүгө этияттык менен мамиле жасап калдым. Былтыр жүрөгүм ооруп, аябай кыйналдым. Ырчылык да калды, башкасы да калды. Ошондо досум дегендердин саналуусу жанымда калып, жашоого үмүттөндүрүштү. Ошентип эле кыйын күндө билинип калат экен, кимдин ким экени. Бул окуя мага сабак болду, ата-энем, жакындарымдын «жашашың керек» дегенинен улам алдыңызда отурам.

– Кой, ооруба. Эми сөздү жеке жашоого бурсак, сүйүүгө туруктуусуңбу?
-Эң туруктуу адаммын. Бирөөгө ашык болсом, башкага такыр азгырылбайм. Мендейлерди «однолюб» деп коюшат.

– Алсыздыктан намысынан ажырап калган кызды сүйүп калсаң, баш кошот белең?
-Менин бүт нерсени менчиктеп алмайым бар. Эгерде сүйүктүүм болсо, биринчиси дагы мен, акыркысы дагы мен болушум керек. Ошондуктан андайдан Кудай сактасын, ыйманы жайында эле кызга жолугайын. Жашоодо ар кандай кырдаалдар болушу мүмкүн, баарын түшүнөм. Бирок болбойт, андайга үйлөнө албайм.

– Бегимайга сын көз менен карап, баа бере аласыңбы?
-Бегимай менен 3 жыл мурун бирге гастролго чыгып калганбыз, ошондон бери эми жолуктук. Акыркы кезде чыгармачылыгына олуттуу мамиле кылбай жүрөт. Таланттуу экенине сөз жок, бирок дагы аракет жасашы керек.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жолдошумдун мыйзамы менен жашайм" дейт Бегимай Бекбоева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
bema312
2013-07-16 14:43:22
норм
0
uvay
2013-07-16 15:01:59
иштерине ийгилик.
0
aziko1414
2013-07-16 16:16:30
О о о дагы бир пар пайда болгонго шоу дуйнодо деп суйунуп кетсе.
0
SaLtY
2013-07-16 19:16:15
ошондой дейм да одноклассниктен Ильяз Андаштын башка кыз менен тушкон суротторун коргом
0
sladka9
2013-07-17 01:43:59
ушундай да болбу е?
0
never-cry
2013-07-17 17:08:20
Бегимай берилип бироону жакшы корбосон,анда чыныгы суйууно жолуга элек экенсин.Чындап суйуп калсан корот элем ошондо оорубаганынды.
0
konya
2013-07-17 23:50:14
Ох ата мен дагы алданып калдым! Башкача ойлоп...
0
ademi-gulperi
2013-07-18 01:49:47
Бегимай абдан жакты.Акылдуу,тарбия коргон кыз экен.
0
bekbolot-NOOKAT
2013-07-18 02:49:18
А тузук жакшы макала экен !!!
0
Hanzada
2013-07-18 20:05:53
Экооно тен ийгилик алга
0
nazmar
2013-07-19 11:41:12
оббо эми экоонле калдынле куйдурбогон,,, кыз жигит окшойт булар дедимле ойдо
0
Bella1
2013-07-19 15:55:09
Мен да суротторун коруп кыз-жигитпи деп ойлопмун,бирок жарашыктуу тугойлордон болчудай.Эмнеси болсо да бактылуу болунуздар.
0
aizada.arstanbekova
2013-07-21 01:15:31
Бегимайды мен коргом. Жакшы эле бирок, аябай боенот экен, бетине мен тартып алат.. Байкасанар))
0
vangolu
2013-07-22 03:40:05
бегимайды жакшы же жаман деп айта албайм.ырчы дейин десем кыйраткан деле ыры жок.актриса дейин десем ушундай бир тупой киного тартылыптыр асанова менен.эн негизгиси бактылуу болсун.ильяз деги жакпайт
0
admin_portal
2014-05-05 16:47:33
Networker - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан