«Махабат дастанында» өзүнөн бир топ жаш улуу экенине карабастан, элдин опузалаганына тайманбастан Бегимайдын Раймаалыны сүйгөнү биз үчүн жомоктой туюлат. Ошондой керемет жомок тартуулаган актриса Асел Эшимбекова жашоодогу Раймаалысы Урмат Барыктабасов менен кандай өмүр кечирип келет?
– Урмат мырза, «Аселди кинодон көрүп сүйүп калгам» дейсиз, ошондой да болот бекен?
– Ошондой болот экен да. Анын үстүнө мен, орустар айткандай, «однолюбмун». Эжеңерге жетем деп алып-учуп туруп алдым. Акыры өзүмдүк кылдым.
– Сизди көргөндө эле багынып берген жок болсо керек. Кантип жүрөгүн туйлатып койдуңуз?
– Ал кезде менин болуп-толуп турган чагым, рубль эмес, доллар саначумун. Анан үйүн жалаң роза гүлүнө толтуруп салсам, кантип арбалбайт?!
– Асел айым, баш кошконуңуздарда эл көшөгөгө чейин кирип, Таттыбүбү Турсунбаеванын кызын көрүүгө ашыгышса керек...
– Ал кезде ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Мен макулдук бергенден кийин Урматтын үйүнө бардык. Чоң кайненем жоолук салды. Жакындарыбызды чогултуп, сеп берүү, калың алуу жөрөлгөлөрүн жасадык. Анан дароо эле Жети-Өгүздөгү курорттордун бирине бал айын өткөрөбүз деп кетип калып, үч айдан кийин келдик. Ат араба менен тоолорду, жайлоолорду кыдырып, кооз жерлерге суктанып жүрө бердик. Улуу балам төрөлгөндө тууган-уруктун башын кошуп чоң той бергенбиз.
– «Махабат дастанында» Раймаалы бир топ жаш улуу го Бегимайдан, менимче, жашоодогу Раймаалысы деле бир топ жаш улуу болсо керек?
– Аселден 5 жаш эле улуумун. Сүйүүдө жаш деле роль ойнобойт да. 20 жыл мурун кандай сүйсөм, азыр да ошондой сүйөм.
– Жолдошуңуз ишине байланыштуу эки жакка көп кетет эмеспи, сагынасызбы, кызганасызбы?
– Жаңы үйлөнгөндө эч жакка кетпей, бир жыл жанымда болду. Анан Алматыга кетип, ошол жакта иштеди. Бирок ишемби сайын келип турчу. Кайненем менен калчумун. Мен барганга чейин эле кайнатамдын көзү өтүп кеткен экен. Анан улуу балам төрөлдү. Балам төрөлгүчө Урматты сагынып кыйнала берчүмүн. Азыр бири-бирибизди урматтоо, аёо менен жашап келебиз.
– Сүйлөгөнүңүздөн улам Асел эженин актрисалык кесибине тоскоол болгонуңузду байкадым.
– Кыргыз киносу актёрлорго гонорар эмес, жарыктын акчасын төлөй албай жатат. Кайненем эмне болду?! Роль талашуу, көрө албастык, ичи тардык, мына ушулардын казанында кайнады. Жыйынтыгында эрте кете берди. Аны менен кошо эч ким өлгөн жок. Алла Таалам аялды бала төрөсүн, бала тарбияласын деп жаратат.
– Үйдө казан-аяк кагышабы, Асел айым?
– Жашаганыбызга 20 жыл болду, катуу кеткен жокпуз. Жаш кезде болгон, мисалы, кээде тамагын убагында бербей калчумун. Ошондо гана үнүбүз катуу чыгып кетчү. Азыр баарын үйрөнүп, өзүмө сөз тийгизбейм. Акча тууралуу да урушпайбыз. Акчалуу үй-бүлөлөрдүн урушуп-талашып жатканын деле көп угам. Мен болгон оокатка топук кылып жашайм. Коколоп тигини, муну алып бер дебейм.
– Ийгиликтүү ишкерлер же чоң кызматтагылар жашыруун 2-3төн аял алып жатканы айтылып келет. Сиздин артыңыздан мындай сөздөр ээрчибейт го же биз укпай калдыкпы?
– Албайм, Аселим эле буюрсун. Аселимдин жүрөгү таза. Ичинде кымындай кири жок. Жан дүйнөсүнүн аруулугун түшүндүрүү кыйын. Жаңы ачкан түнкү клубумда сулуу, бойлору 2 метр болгон кыздар толтура. Аларды карап отуруп көз тоёт да, кемпиримдин жанына барып жатып алам.
– Жаш кезде жубайыңызды кызганчу белеңиз?
– 5 жыл Дубайда бизнес кылдым. Ал кезде Асел Алматыда турчу. Канчалаган бай казактар бар, бирок кызганган жокмун, ишендим. Өзүм менен кошо алып кетпеген себебим, балдар атайын мектепте билим алышчу. Ордуларынан козгогум келген жок. Анын үстүнө Дубайга барса, 2 класс төмөн отурушат экен.
– Асел айым, мода кубалап кийинип, алтын, бриллиант чогултасызбы?
– Модадан калып калбайм, бирок сая түшүп кубалабайм. Элден бөлүнүп турганды жаман көрөм. Өзүм дагы бирөөнүн кийимин талкууга албайм. Бриллиант, алтынга караганда оймо-чийме түшүрүлгөн күмүш топтомдорго кызыгам. Көчөгө чыкканда мени жадакалса тааныштарым дагы тааныбай калат. Кепканы баса кийип, спорттук костюм кийип алам.
Балыкчыда жашап жүргөнүбүздө улуу эле бир эже келиптир. «Ий, кокуй, сен Барыктабасовдун аялысыңбы?!» дейт. «Ооба» десем, «сени толук, керсейген неме экен десе» деп күлгөн. Көчөгө чыкканда эч кимди деле карачу эмесмин. Эл болсо «Барыктабасовдун аялын көрөбүз» деп кызыга берчү экен.
Кызым азыр Балыкчыдагы отелибизде. Кечээ телефондон «сизди бул жактагы эжелер күтүп жатышат» дейт. Ал жакка барганда официант кыздар жетишпей жатышса кошулуп кардарларды өзүм тейлейм. Ашпозчуга картошка аарчышам, керек болсо пол жууйм. Анда иштеген кыздар «кожойке келбей турса экен» деп сестенишпей, мени дайыма күтө беришет. Апам Таттыбүбү өтө жөнөкөй болчу. Баары эле «жөнөкөйлүгүң апаңды тартыптыр» дешет. Уул-кыздарымды да «кимдин баласы болбогула, кайсы кызматта иштебегиле, жөнөкөй болгула» деп тарбиялайм.
– Урмат мырза, учурда эмне менен алек болуп жатканыңызды сурабай кетсек болбос.
– Германиядан Орто Азияда жок лазер-шоу алып келип, түнкү клуб ачкам. Чет жерден келген маданият адамдары менен биздин өлкөнүн өкүлдөрү жакындан таанышып, кенен баарлашканга да ылайыктадык. Эс алгандардан сырткары бул жерге дүйнөлүк деңгээлде өтүүчү ар түрдүү фестивалдарга да орун берип жатабыз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg