Бишкекте абитуриенттер ЖОЖдорго тапшырып баштаган кезде, 6-июлда Орусиянын Казань шаарында Бүткүл Дүйнөлүк Жайкы Универсиада оюндары старт алды. Мелдешке 27 жайкы спорт түрү боюнча 162 өлкөнүн студенттери катышууда. Кубандырганы, мелдеш кыргызстандык студент-спортчулар үчүн ийгиликтүү башталды.
Капчыгыбыз «чү» дегенде эле бел боо күрөшү боюнча 2 алтын менен толукталды. Бул күрөш боюнча Нурбек Кожобеков (82 килограмм салмакта) менен Нурбек Аканов (100) алтын алып, артындагыларга жол ачып берди. Кыргызстан азыр эсебиндеги 9 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 6 коло) менен жалпы командалык эсепте 11-орунда турат. Тизмедеги 1-орунду азыр өтө чоң айырмачылык менен Орусия курама командасы ээлөөдө. Алардын эсебинде 77 медаль бар.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg