6-июлда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында жабык имараттарда өтүүчү спорт түрлөрү жана уруш искусстволору боюнча Азия оюндары аяктады. Мелдеште 12 спорт түрү боюнча медалдар ойнотулуп, ага Кыргызтандан сууда сүзүү, кикбоксинг, бий спорту, тай бокс жана бильярд боюнча 23 спортчу аттанган. Жыйынтыгында алар 1 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль менен кайтышты.
Алтынды кикбокстун лоу-кик версиясы боюнча 63,5 килограмм салмакта Алексей Федосеев камсыздаса, күмүш ээси фулл-контакт версиясы боюнча 71 килограмм салмактагы Сталбек Дарканбаев болду. Коло медалдарды кикбоксчулар Уланбек Касымбеков, Кумар Жалиев жана бий спорту боюнча Алексей Кибкало жана Татьяна Когадейдин жуптугу алып келди.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg